Menu

Жалал-Абадда облустук коллегиянын жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-майда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кезектеги коллегия жыйынынын олтуруму болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Анын ишине райондордун мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, шаарлардын мэрлери, социалдык маселелерди тейлеген акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер жана  облусттук тармактардын жетекчилери катышты. Коллегиянын жыйынын ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

Облустук коллегиянын күн тартибине 2017-жылдын мол түшүмү үчүн жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы, ирригация системаларынын абалдары, вегетация мезгилине даярдык көрүү иштери жана айыл чарба багытындагы пайдаланылбай калган аянттарды кыскартуу. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы жана жогорку органдардын чечимдеринин, токтомдорун жана тапшырмаларын аткаруу боюнча аткаруучулук тартиби. Жалал-Абад облусунда дене тарбия, спорт жана жаштар иштерин өнүктүрүүнүн абалы  каралып талкууланды.

Коллегия жыйынынын олтурумунун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат  Исаев баяндама жасады.

—   Быйылкы жылы 11 292 га. аянтка чигит эгилип, пахтанын аянты 2016-жылга салыштырмалуу 1549 га. аянтка көбөйтүлдү. Учурда облусттун аймагында курулуп жана иштеп жаткан күнөсканалардын саны 504 даанага жетти. Ал эми тамчылатып сугаруу боюнча 172 жерде иштер натыйжалуу жүргүзүлүп жатат. Облустун аймагында 35 900 га. аянтка зыянкеч чегирткелерге каршы химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.  Жаз айларында жаан-чачындардын көп болуусу жана дарыялардагы суу ташкындарынан улам облус боюнча 859 га. айыл чарба багытындагы айдоо аянттарына зыян келтирилген болсо, азыркы учурда Ноокен районунда 234 га. аянтка айыл чарба багытындагы эгиндер кайрадан экинчи жолу эгилди. 2016-жылы облус боюнча 13 600 га. айыл чарба багытындагы аянттар иштетилбей жана айдалбай калган болсо, ал абалды жакшыртууда дагы деле айкын жылыштар болбой жатат. Алсак, Аксы районунда пайдаланылбай калган жерлерди 170 га аянтка кыскартуу каралалган болсо быйыл болгону 66 га аянтка гана кыскартылган.

Коллегия жыйынынын олтурумунда  кетирилип жаткан кемчилдиктерди оңдоо жаатында Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов, Ала-Бука районунун акими Сүйүнбек Акпаралиев жана Сузак районунун акими Абдумуктар Маматовдун маалыматтары угулду.

Облустун аймагындагы дене тарбия жана спорт, жаштар иштеринин абалы туурасында социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова баяндама жасады. Анда маалым болгондой облус аймагында учурда 14 балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектептери, 7 балдар спорт клубдары, 3 облустук жана 1 шаардык балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резервдер спорт мектептери иштеп, аларда 12 000 ден ашуун тарбиялануучулар спорттун ондогон түрлөрү боюнча машыгып жатышат. Мындан сырткары облустун аймагында 262 спорттук залдар, 2114 спорттук аянтчалар, 15 стадион жана 1 ден соолук чыңдоочу жайы калктын жана жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна кызмат өтөп келүүдө.

Ошону менен бирге дене тарбия менен спортту өнүктүрүүдө бир катар кемчилдиктерге жол берилген. Атап айтканда  Базар-Коргон районундагы “Базар-Коргон” стадионун капиталдык ремонттон чыгаруу иштери бир нече жылдап создуктурулуп келүүдө. Ал эми Чаткал районунда демөөрчүлөр тарабынан курулган 4 заманбап спорт залдары бүгүнкү күнгө чейин Каныш-Кыя айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилген эмес. Майлуу-Суу шаарындагы борбордук стадиондун трибуналары жакшы каралбагандыктан өрттөнүп күйүп кеткен. Мындан сырткары шаар тургундары тарабынан стадиондун айланасына таштандылар төгүлүп, стадиондун абалы санитардык-гигиеналык талаптарга такыр жжоп бербейт.

Коллегия жыйынынын олтурумунун токтому менен социалдык маселелерди тейлеген Аксы районунун акиминин орун басары Зарипа Калматовага, Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Усенбаевага, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Толгонай Ахмедовага, Ноокен районунун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитовага, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Айнакан Темирбаевага эскертүү берилди. Ал эми Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри Зирекан Батырбековага жана Көк-Жангак шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жалалидин Юсуповго сөгүш берилди.

   Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: