Menu

Ага-ини Азимовдорго метродогу теракт иши боюнча айып тагылды

Бөлүшүү:
Акрам Азимов
Орусиялык тергөөчүлөр Кыргызстанда туулган ага-ини Аброр жана Акрам Азимовдорго терроризм жана курал сактоо боюнча акыркы айыбын угузду. Тергөө буга чейин Акрамды 15 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербург метросундагы жардыруунун уюштуруучусу деп атаган.

Акрам Азимов күнөөнү моюнга алган эмес. Алардын энеси дагы балдарынын терактка тиешеси жок экенин, укук коргоо органдары анын уулу Акрамды ооруканадан уурдап кетишкенин билдирген.

Аброр Азимов

Аброр Азимов

Тергөөнүн версиясы боюнча Аброр Азимов ыктымал жанкечти Акбаржон Жалилов менен байланышта болуп, теракты уюштуруу үчүн акча топтогон. Анын агасы Акрам Азимов “эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн Орусияга кирүүсү үчүн жасалма документ жасоо менен алектенген”.

Ага-ини кармалгандан кийин Орусия жарандыгынан ажыратылган. Алар документти 2013-жылы Пермде алышкан. ИИМ сотто ага-ини жана анын ата-энеси орус жарандыгын алуу үчүн жалган маалыматтарды топтошконун далилдеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”                                                  

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: