Menu

Сооронбай Жээнбековдун ордуна премьер-министрликке Кубатбек Боронов барыш керек

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого КСДПнын талапкери болуп тандалгандан бери Өкмөт башчынын орду талашка түшүп, кээ бир адамдардын түшүнө кирип тынч уктатпай жатканы бештен белгилүү. Сапар Исаковду эмитен эле премьер катары көрүп алгандар толтура. Бирок, саясатта урулуп-согулбаган жаш бала өгүз тарта албай жаткан арабаны тартып кете алабы деген күмөн саноо басымдуулук кылып жатат. Шарипович кызмат ордун тапшыра турган болсо түндүк-түштүк тең салмактуулугу сакталабы дегендер да арбын. Бул маселе дагы чоң роль ойноору бышык. Анткени, президент, спи­кер, премьер-министр түндүк тараптан болуп калган болсо, шайлоодо бийликтин партиясына түмөн түйшүктү жаратат. 2011-жылдан тар­тып туруктуу министр болуп иштеп келе жаткан бир эле адам бар, Кубатбек Боро­нов деген. Ал кишинин артынан жаман сөз да ээрчий элек. Ишти алып баруу жагынан такшалып калганын да көрсөтүүдө. Бороновду башбакан кылып дайындаса неге болбосун? Путин деле ӨКМде министр болуп туруктуу иштеген Сергей Шойгуну акырындык менен кызматтан-кызматка которуп, өзүнүн мураскери болчудай даярдап жатпайбы. Бороновду деле ошол жол менен тарбияласа, өз түшүмүн берчү кадрлардан.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: