Кечээ, 25-май күнү Ош шаарындагы №35 Жоро Атабаев орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү “Акыркы коңгуроо” салтанатын улай, башка бүтүрүүчүлөрдөй сайраңдоонун ордуна, айыл аксакалдарынан, энелерден кабар алып, алардын батасын алууга жетишишти.
“Атаңдан бото калбасын, бата калсын” демекчи, Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын жаштары келечекке ишенимдүү кадам таштоо үчүн мектеп уясынан учар кезде аксакалдар менен жашы улуу энелерден бата алууну чечишкен.
Максатсыз шаан-шөөкөткө королуучу каражаттын ордуна улууларга белек-бекчек алып барган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айыл аксакалдары менен энелер алкоо айтып, кең келечек каалап, баталарын берип жатышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ