Коомдун ар түркүн бөлүктөрү болот. Чиновниктер, мугалимдер, дарыгерлер, аскерлер, атургай майыптар, жетимдер, анан абактагылар да. Ооба, ар бирине кам көрүү керек. Бирок, жакынкы күндөрү жарыя болгон жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын «Түрмөдөгүлөргө момпосуй, печенья жана сары май сатылып алынат» – деген билдирүүсү бир эсе коомчулук талкуусун жаратса, биресе күлкүну да келтирет экен. Фактыга келели: «Өлкөнүн жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза өтөө мекемелери жана соттолгондорду кайтаруу департаменти 7 миллион 900 мин сомго тамак-аш азыктарын сатып алат. Мекеме 2.4 кило как, 2.7 кило сары май, 480 кило печенье жана 64 кило карамель сатып алууну көздөөдө» – деген маалымат аталган тармактын мамлекеттик сатып алуулар порталындагы арызында жазылган. Кудайды карашса боло, деги качан биздин түрмөдөгү адамдарга качантан бери как менен сары май, печенье менен карамель берилип калган? Же зынданбашчы Таалай Жапаров «зыңк» жашайын деп миллиондогон пулга сары май менен как жегиси келип атабы?
Булак: “Де факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ