Menu

Кыргызстандын 100гө чукул алыскы айылдарында телевизор деген жалп өчтү

Бөлүшүү:

Жаңылануу албетте жакшы. Би­рок, бир кылка жүргүзүлбөстөн, айрымдарды өгөй баладай мостойтуп туруп, басымдуу бөлүктү жаңылап алып шапкени көккө ыргытуунун канчалык мактанычы бар? Айтор, 15-майдан тарта аналогдук телеберүү токтотулуп, санарипке өттүк. Арийне, бул «өткөөл жаңылануу» боюнча жалпы журттун маалыматы жетишсиз, айрым жерлерде тиешелүү аппараттар коюлбагандыктан Кыргызстандын 100гө чукул алыскы айылдарында телевизор деген жалп өчтү. Соболдор оголе көп. Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, башкача айтканда министри Бакыт Шаршембиев деген неме. Эмне кылып олтурганы белгисиз. Элдин санарип жаатындагы сан миң соболдору, маселелери кайнап жатканда жетекчи катары эл аралап бир ооз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койгонго жараган жок. Кыскасы, «ишенген кожом сууга акты» болду. Өз ишин түзүктөп эл алдында түшүндүрө албаган жетекчинин зарылчылыгы канчалык?

Булак: “Де факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: