Menu

Сауд Арабияда өткөн “Араб-Ислам-АКШ” саммитине 50дөй өлкөнүн лидерлери катышып, экстремизмдин тамырын кыркууга белсеништи

Бөлүшүү:

Үрөй учурган терорризм, экстремизм жылдан жылга канатын жайып барат. Кечээ жакында эле Манчестерде да үйрөй учурган жардыруу болуп, 22 амдын өмүрүн алып кетти. Алардын көпчүлүгү жаш балдар экени аныкталды.

 Дүйнө лидерлери терроризм менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу баш оорутушууда. Сауд Арабиянын борборунда Араб-Ислам-АКШ саммити өтүп, президент Дональд Трамп мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерин экстремизмдин тамырын кыркууга чакырды.

Биздин коңшу өлкөлөрдөн да бул саммитке казак президенти Н.Назарбаев, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, тажик пре­зиденти Эмомали Рахмон катышып кайтышты.

Трамп Иранды «диний араздашууга жана террорго май тамызып жатат» деп айыптады. Дональд Трамп жыйында Жакынкы Чыгышта экстремизмдин тамырын кыркуу максатында мамлекеттердин коалициясын түзүүгө чакырып, буларга токтолду:

– Биз бул жерге силерди окутканы келген жокпуз. Биз бул жерге башкаларга кантип жашоо, эмне кылуу, кантип сыйынуу керектигин айтканы да келген жокпуз. Мунун ордуна биз орток кызыкчылыктарга жана баалуулуктарга негизделген өнөктөштүктү сунуш кылып келдик. АКШ орток кызыкчылыктар, орток коопсуздук үчүн силер менен бирге турууга даяр. Бирок Жакынкы Чыгыштын эли душманды Америка бийлиги келип жеңип берет деп күтө албайт. Өз өлкөлөрү, ачык айтканда өз үй-бүлөлөрү, балдары үчүн кандай келечекти кааларын Жакынкы Чыгыш мамлекетгери өздөрү чечиши керек. Бул эки келечектин бирин тандоо. АКШ ал тандоону силерге жасап бере албайт. Жаркын келечек силердин мамлекеттер террорчуларды, экстремисттерди кууп чыкканда да гана мүмкүн болот. Аларды өз өлкөңөрдөн, сыйынуу жайлардан, ыйык жериңерден, жер бетинен кууп чыккыла!

Дональд Трамп экстремизмге сокку урууну «түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыюуга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул жамандык менен жакшылыктын ортосундагы күрөш» деп да кошумчалады.

Саммитте Саудия падышасы Салман төмөнкүлөргө ток­толду:

– Сөз экстремизмге жаршы туруу, кандай формалары болбосун терроризмге каршы күрөшүү, анын булактарын соолутуу, каржылануу жана жайылтуу ыкмаларынын баарын токтотуу, бүткүл адамзатка коркунуч туудурган бул көрүнүшкө чечкиндүү каршы туруу үчүн конструктивдүү кызматташтык жөнүндө жүргөндө биз дагы ушундай эле ак ниет сезимдердебиз.

Булак: “Азия ньюс”

 

    

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: