—Биометрикалык маалыматтардын негизинде берилип аткан жаңы паспорттордо улуту көргөзүлбөгөнүнө айрым саясатчылар нааразы болуп, курултай өткөрүп, бийликке талап коюп жиберишти. Негизи мындай талап жөндүүбү?
—Жалпы жарандык паспортко «улуту» тилкесин киргизүүнүн негизинде эч кандай таасири жок, жөн гана формалдуулук. Оппозициячылар эмнени козгоп чыгаарын билишпей, мындай билдирүүлөрдү жасап жатышат. Дүйнөнүн жарымы паспортко өз жарандарынын улутун жазышпайт. Алсак, АКШда мигранттар абдан көп, бирок, паспортторунда жарандыгы гана жазылат. Ошол эле учурда бул америкалыктардын укуктарына эч таасир бербейт. Биз алдыга жылып, өнүгүшүбүз зарыл. Өлкөдө ар бир жарандын укугу корголгон шартта, ал паспортунда кайсы улут жазылгандыгына карабайт. Коңшуларыбызга караганда, биз демократичный өнүгүшүндө алдыга кеттик. Бул багытта жүрүү керек.
Булак: “Де факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ