-Марс мырза, КСДПнын саясый кеңеши бул партиядан талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөттү. Бирок, «бул акыркы чечим эмес, партиянын съездинде башка талапкер чыгып калышы мүмкүн» деген божомолдор да айтылууда. Бул боюнча сиздин прогнозуңуз кандай?
-Съездде чындап эле ошондой кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Сооронбай Жээнбековду регионалдык фактор ойноп кетип, түштүк жактагылар колдоп, түндүктүктөр Чыныбай Турсунбековду колдоп кетишсе, анда патовый кырдаал түзүлөт. Патовый гана эмес, негативдүү да кырдаал түзүлүп калат, себеби, бул регионалдык бөлүнүүнү туюндурат. Анын жыйынтыгында бул топ да, тиги топ да үстөм кыла албай, эки тараптын тең купулуна толгон башка бир талапкер чыгып кетиши ыктымал. Чындыкка окшош дагы бир сценарий тууралуу айтылып жатат. Ага ылайык, президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов жеңип чыгып, премьер-министрликке КСДПдан Сапар Исаков, же Темир Жумакадыров сыяктуу көзөмөлдөнүүчү фигура дайындалат. КСДП менен Бабановдун ортосунда кандайдыр бир консенсуска жетишилсе, эки жүрүштөн турган ушундай комбинация жасалышы мүмкүн.
-Буга чейин Чыныбай Турсунбеков президенттикке реалдуу талапкер катары айтылчу эмес. Бирок, КСДПнын саясый кеңешинде ал Жээнбековго атаандаш катары аталды. Ал кадыр-баркы жагынан да, тажрыйбасы жагынан да Жээнбековго тең келиши кыйын да. Ушундан улам суроо туулат: аны мурдатан эле запаста кармап келишкенби, же кырдаалга байланыштуу өзү эле чыга калдыбы?
-Аны запастык вариант катары кармап турушкан. Бирок, принцибинде Сооронбай Жээнбеков да, Чыныбай Турсунбеков да бир форматтагы, бир кыймыл логикасындагы адамдар. Алар жакшы башкаруучулар, жетекчилик иште аздыр-көптүр тажрыйбасы бар дегендей. Бирок, дагы бир жолу кайталагым келет, алар бир форматтагы, бирдей потенциалдагы кишилер, ошондуктан экөөнүн кимиси жеңээри регионалдык факторго гана байланыштуу болот. Тышкы оюнчуларга, атап айтканда, Россияга кыймыл алгоритми эски, мурдагыдай эле кредит, субсидия, преференцияларды сурачу номенклатура бийликте калганы жакпайт. Россия республиканы экинчи Чеченстандын аналогуна айлантпай, өз алдынча бутка тургузганга жөндөмдүү команда келүүсүн каалайт. Алар саясый элитаны баккылары келишпейт. Бул биринчиден. Экинчиден, биз дүйнөлүк аренада секирик жасоого тийишпиз. Ал эми Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов жана башкалар секирик жасай ала турган форматтагы кишилер эмес. Ошондуктан, Атамбаевдин алдында диллема турат. Ал өзүнүн артындагы тылын жаап бере турган адам шайланышын, Кой-Ташта жайбаракат отуруп алып, ошол жактан башкарууну каалайт. Бирок, Сталиндин сөзү менен айтканда, ниеттин логикасы, анан кырдаал-шарттын логикасы бар. Бийлик каалагандай эмес, Кудайдын айтканындай болот. Кырдаал жаңы адамды, жаңы менеджментти талап кылууда. Ушул жагынан алганда, атүгүл Бабанов да секирик жасай ала турган инновациялык форматка туура келбейт.
-КСДП кимди гана сүрөбөсүн анын негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов болчудай. Кандай деп ойлойсуз, ал шайлоодо өз шансын толук пайдалануусуна мүмкүнчүлүк беришеби, же бут тосуулар болобу?
– Бут тосуулар болот го. Кара пиар кеңири колдонулат. Эгер ал КСДП менен макулдаша алса, президенттикке шайланууга мүмкүнчүлүк алат. Бабанов консенсусту жакшы көргөн адам, ал сөзсүз КСДП менен макулдашууга аракет кылат. Анда жогоруда айтылган вариант ишке ашат. Бабанов президенттикке шайланып, премьер-министр менен спикер КСДПнын кишиси болот. А эгер аларга атаандаш иретинде барам десе, анда анын жеңгенге шансы жок.
– Бакыт Төрөбаев менен Темир Сариевдин шансын канчалык деп баалайсыз?
-Алардын шансы Бабановдукуна караганда азыраак. Эгер Кремль катуу колдоо көрсөтсө, Атамбаевдин жанында калган жападан жалгыз соратниги катары Сариевге анча-мынча мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, саясатчы катары рейтинг жагынан ал Бабановдон аябай эле артта.
-Мен кечээ жакында эле бир аналитикалык макаланы окуп калдым. Анда, потенциалдуу талапкерлердин баары президенттик креслону талашуу менен алек болуп жатканда Атамбаев эң ишенимдүү адамын премьер-министрликке түрткөнгө аракет кылат, себеби, жаңы премьер кыйла өз алдынча, ыйгарым укуктары президенттикине караганда да күчтүүрөөк фигура болот деген ой айтылыптыр.
-Болушу ыктымал. Президенттикти декоративдик гана кызматка айландырып салууга аракет жасалышы мүмкүн.
-Бул кызматка Сапар Исаков ылайык келеби?
-Толугу менен. Себеби, ал «мен президенттикке барбайм» деп билдирди. Муну менен ал талапкер катары өзүнүн айланасындагы бүт негативди алып салып, атаандаштары үчүн «бута» болуудан калды. Бирок, ал мен премьер-министр болбойм деп айткан жок да. Сапар Исаков Атамбаевдин ищенимдүү адамы. Президент атайылап рокировка жасап, ага «биз коомдогу температураны ченеп көрдүк, сен өтчүдөй эмессиң. Ошондуктан, сен талапкерлигинди койбо. Президент балким Бабанов болоор, бирок, сен премьер болосуң, ыйгарым укуктары аябай күчтүү премер болосуң» деп айткан болушу мүмкун.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ