Menu

КСДПда кландык жана жердешчилик бөлүнүүчүлүк күчөп, нарындыктар өз кишисин, чүйлүктөр өз кишисин, оштуктар өз кишисин мамлекет башында көргүсү келип жатат

Бөлүшүү:

Азыр бир гана партиянын көзүн карап калбадыкпы – КСДП деген. Булар тур десе турабыз, отур десе – отурабыз, бийле десе бийлеп деле беребиз. Мына ушул партия президенттик шайлоо жакындаган сайын беш эмес, 45ке бөлүнүп, майдаланып, бир тарабы Сооронбай Жээнбековду, бир тарабы Чыныбай Турсунбековду, дагы бирөөлөрү Иса Өмүркуловду, башкалары Сапар Исаковду, айрымдары “кардинал шоопур” Илмияновду колдоп, ич ара тиреш күчөп жатканы боюнча эл арасындагы уу-дуу кептерди угуп жатабыз. Мисалы, саясий кеңеш өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары тандаганы менен, ары жакта Чыныбай Турсунбеков партиянын курултайында талапкерлигин көрсөтүүгө чамынып жатат көрүнөт. Ал эми президенттик такка жете албасына көзү жеткен Иса Өмүркулов бошой турган премьерлик кызматты бала Сапар Исаковдон талашып жатканы айтылууда. Партия ичиндеги кландык жана жердешчилик бөлүнүүчүлүк күч алганбы деген суроо туулат. Анткени нарындыктар өз кишисин, чүйлүктөр өз кишисин, оштуктар өз кишисин мамлекет башында көргүсү келип жатканы ачыктан ачык байкалып турат. Мындай абал жалпы мамлекетке зыянын тийгизбеши керек деген гана каалоо-тилек айтмакчыбыз…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: