Menu

Сооронбай Жээнбеков: Ислам жана Православие салттуу диндери тынчтыктын жана ынтымактын негизинде коомду бекемдөөдө мамлекеттин өнөктөшү болооруна ишенем

Бөлүшүү:

“Ислам жана Православие салттуу диндери тынчтыктын жана ынтымактын негизинде коомду бекемдөөдө мамлекеттин өнөктөшү болооруна терең ишенем”, – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековкечээ, 28-майда, Москва жана Бүткүл Россия Патриархы Кирилл менен жолугушканда белгиледи. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Москва жана Бүткүл Россия Патриархы Кирилл жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык кызматташтык, диний баалулуктарды, тынчтык жана биримдикти сактоо жаатында маселелерди талкуулашты.

“Сизди меймандос кырыз жеринде көргөнүмө абдан кубанычтамын. Биз Сизди азыркы замандын диний лидерлеринин бири катары билебиз жана урматтайбыз, анткени ар кайсы динди тутунган элдерди бириктирүүдө чоң ролду ойноп келесиз. Кыргызстанда Православие экинчи масштабдуу конфессиялардын бири жана мекендештерибиздин диний жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Сиздин сапарыңыз мусулмандардын Ыйык Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө болуп жаткандыгы – жакшы жышаан. Ислам жана Православие эриш аркак жүрүп, биздин коомдун диний өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Азыр салттуу баалулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маселеси курч экени маалым. Ислам жана Православие салттуу диндери тынчтыктын жана ынтымактын негизинде коомду бекемдөөдө мамлекеттин өнөктөшү болооруна терең ишенем. Ошондуктан Өкмөт Ислам менен Православ дининин лидерлери менен өзгөчө байланышты түзүүнү туура көрөт”, – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Москва жана Бүткүл Россия Патриархы Кирилл Кыргыз Өкмөтүнүн орус социомаданий мейкиндигин сактоодо, маданияттар аралык диалогду камсыздоодо жана өз ара байытуусунда ролу маанилүү экендигин белгиледи.

“Сизге Кыргыз Өкмөтү жана мамлекет тарабынан эки коомчулуктун жылуу мамилесинин түзүлүшүнө негиз болуп жаткан аракеттер жана колдоолор үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Биз көрүп тургандай Кыргызстанда православ дининин өкүлдөрү өзүн эркин сезип, эч кандай кысымдарга туш болгону байкалбайт. Барыбызга белгилүү болгондой, учурда башка өлкөлөрдө дин аралык конфликттер күч алып, улуттук биримдиктер бузулууда. Андыктан, Кыргызстанда көп жылдардан бери түзүлүп, калыптанган мурасты сактап, аны барктоо зарыл. Россияда да улут биримдигин сактап, диндер ортосундагы мамилени бекемдөө багытында иш-аракетибиз күч”, – деди Москва жана Бүткүл Россия Патриархы Кирилл.

Ал ошондой эле Кыргыз Өкмөтүн республикада чиркөөлүк долбоорлордун  ишке ашырылышына өзгөчө мамиле кылып жаткандыгына терең ыраазычылын билдирди. Бул улуттар  жана диндер аралык мамилелердин жогоргу деңгээлде тургандыгынын далили.

“Биз диний экстремизм деген сөздөн качып келебиз, анткени динде мындай көрүнүш болушу мүмкүн эмес. Жараткан бизди экстремизмдин болбошуна чакырат. Ал эми аны колдонгондор болсо башка бирөөлөрдүн эсебинен ишке ашырууга максат кылышат. Ушундан улам биз баарыбыз, Ислам жана Православ диндеринин өкүлдөрү биргеликте экстремизм менен күрөшүүбүз зарыл. Албетте, бул кадамдарда мамлекеттик бийликтин колдоосу болушу шарт”, – деп белгиледи Москва жана Бүткүл Россия Патриархы Кирилл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: