Menu

Майлуу жерге ким баргысы келбесин?

Бөлүшүү:

Айтылуу Тогуз-Тородо бир эле майлуу «Макмал» алтын кени бар. Ошол жерди аракетин жасап, байырлап алууну колунан келгендер сөзсүз жасоого куштар. Негизи илгертен бери карай алтын менен шугулданып, оокатын тыңдап алгандардын ким экени деле белгилүү. Кен бар жерде ар кандай өкүм зордуктар жүз берерин деле билбейбиз деп айтсак кара жаныбызды жеп калабыз.

Азыр деле бул тармактын устуканын алууга ашыккандар толтура. Бирок, андай майлуу жерге жалаң эпчилдер, шылуундар, жогору жакта “танкасы” барлар жайланып алышат. Акыркы күндөрдө кадимки мурунку президенттин бажасы Эмил Турдалиевдин чабуулу кайтарымдуу боло тургандай. Анткени аны үлкөн жерлердин билермандары колдоп жатат. Кыңк-мыңк дегендерди үркүткөнгө чейин барып жатышканына апрелчилер кабатыр болушканы бекерден эмес. Себеби, бул тармактын этегине кирип алса мамлекеттин казынасы какшый берүүсүнө шарт түзүлөт.

Учурда уруксат (допуск) кагазын илип кетүүгө Эмикең жан үрөп чуркаган кези. Атаганат, ушинтип эле мурдагы бийликтин саркындылары өкүм зордук кыла берсе карапайым пенделердин шору кантип кайнабайт? Эмне үчүн жай турмуштагы адамдар кен чыгарган жерде иштей албайт? Мунун жөнү деле маалым, анткени башынан эле өзүмчүлдүккө, таанышчылыкка, ууручулдукка кеңири жол ачылып калган. Ошол эски дарттан чыгалбай ит болуп жатпайлыбы!

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: