Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге болгон кезексиз шайлоолордун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.
Маалыматка караганда, шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен КСДП, 17,96 пайыз менен “Элдик”, 11,11% “Республика”, 8,96 % менен “Замандаш” партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Социал-демократтар 12, “Элдик” 4, “Республика” жана “Замандаш” партиялары экиден мандат алышы мүмкүн.
Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо тилкесинин 23нүн бюллетендери саналып бүттү. Ага ылайык, биринчи орунда минималдык артыкчылык менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясы (24,18%) алдыда, экинчиде 24,16% добуш менен КСДП баратат. «Мекеним Кыргызстан» шайлоочулардын 13,87%, «Ата Журт» 13,43%, «Кыргызстан» – 10,71%, «Республика» – 9,2% жана «Бүтүн Кыргызстан» 0,7% добуштарын алышты.
Кадамжайда азырынча «Мекеним Кыргызстан» алдыда, экинчиде «Өнүгүү-Прогресс», үчүнчүдө КСДП. Таш-Көмүрдө биринчи орунда КСДП, андан кийин «Өнүгүү-Прогресс» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары жайгашкан болсо, Кара-Балтада алдыңкы үчтүккө «Эламан», КСДП жана «Республика» партиялары кирди. Кеминде азырынча биринчи орунду КСДП, экинчини «Республика» жана үчүнчүнү «Патриот» партиясы ээлеп турат. Көк-Жаңгак шаарында КСДП алдыда, экинчиде «Кыргызстандын коммунисттер партиясы» болсо, үчүнчүдө «Өнүгүү-Прогресс».
28-майда өлкөдө 41 жергиликтүү, 8 шаардык жана 33 айылдык кеңештин депутаттары шайланды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ