Өлкөдөгү фаворит окуу жайы болгон Ж. Баласагын атындагы улуттук университетке үч күндөн кийин ректор болчулар таймашка түшөт. Негедир күндөн-күнгө талапкерлердин саны азайып баратат. Мурда ректор болгусу келип оолуккандардын кээ бири талапкерлигин кайра алып салды. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, күчтүү атаандаштан тайсалдоо экени талашсыз.
Негизи азыркы талапкерлердин ичинен бараандуусу Канат Садыков экенин танууга мүмкүн эмес. Мурда министрлик кызматты аркалап жүргөн киши кантип эле ректорлукка жарабасын деген суроо сөзсүз берилет. Акыркы күндөрдөгү жолугушууларга да көбү келбей калууда. Демек, эмитен эле упайдын көбүн Канат мырза бөктөрүп кетээри ачык байкалууда. Канчалык тескериленсе деле баары бир оомат Садыковго оогону турганы калетсиз.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ