Menu

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: «Менде бийликке келип өзүмдүн жеке маселемди чечип алайын, бир кадрды акчасын алып кызматка дайындайын деген түшүнүк жок»

Бөлүшүү:

— Чолпон Аалыевна, сиз мурун мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болсоңуз, азыр коалициялык өкмөттүн курамында аткаруу бийлигинин өкүлү болуп иштеп жатасыз. 2010-жылдан тартып парламенттеги көпчүлүк коалиция Өкмөттү түзгөндөн тартып, министрлер премьер-министрге баш ийбейт, өздөрү койгон фракция лидерине отчёт берет деген түшүнүк пайда болгон. Сиз дагы бул кызматка фракциянын атынан келдиңиз. Премьер-министрге баш ийип иштеп жатасызбы же ушул кызматка көтөргөн фракцияңыздын жетеги алдында иш алып баруудасызбы?

— Бизде коалициялык Өкмөттү куроо системасында чоң маселени жаратып алганбыз. Мен депутат болуп турган кезимде эле Жогорку Кеңеш премьер-министрди гана дайындап, ага өзүнүн командасы менен иштей турган мүмкүнчүлүк берилиши керек деп айтып келгем. Ошондо натыйжалуу иш жүрмөк. Бүгүнкү күндө көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциялар министрликтерге өзүнүн кадрларын көрсөтүшүп коёт да, ал кадр ошол тармакта ишти тартып кете албай турган болсо, премьер-министр аны кызматтан алып коё албайт. Анткени, анын да буту-колун байлап коюп жатабыз. Эгер бир министрди кызматтан алып койсо, парламенттеги коалициянын ичинде ырк кетип, бир фракция көпчүлүктөн чыгабыз деп коркутуп чыгат. Жаңы кабыл алынган Конституция ишке кирсе, президенттик шайлоону тынч өткөрүп алгандан кийин кайра бул маселеге кайрылып келишибиз керек. Ал эми мени ушул кызматка сунуш кылган партия “Ушул ишти жасайсың!”- деп бир дагы жолу тапшырма берген жок. Партиядан “Коррупциялык схемаларга аралашпай, партиянын атына терс залакасын тийгизе турган иштерден оолак болуп, таза иштеп бергиле”-, деген гана өтүнүч болгон.

— Сиз парламенттин босогосун Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынын тизмеси менен аттаган болчусуз. 2015-жылдагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясына кетип калдыңыз. Бабанов экөөңүздөрдүн ортоңордо пикир келишпестиктер жаралган беле? Эгер ошондой болгон болсо кандай маселеде?

— Өмүрбек Токтогулович экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Азыр да жок. “Республика” партиясы менен парламентке келип, депутат болуп олтурдум. 5 жыл ичинде партия чоң кыйынчылыктарды басып өттү, 4 партия болуп бөлүнүп, өз-өзүнчө кетти. Премьер-министрлик орунга чейин көтөрүлдүк. Мен ал партияны сатып кеткен жокмун, акырына чейин ошол партияда болдум. Бешинчи чакырылыштын мөөнөтү бүтүп, жаңы шайлоого даярдык башталганда “Республика” партиясы форматын өзгөртүп, “Республика-Ата Журт” болуп түзүлдү. Ошондо “Кыргызстан” партиясына кеткем.

— “Кыргызстан” партиясы шайлоо учурунда “Жаңы төрөлгөн наристе үчүн 50 миң сүйүнчү пул беребиз” деген убаданы бергенсиздер. Сиз азыр социалдык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр болуп иштеп жатасыз. Ошол убаданы иш жүзүнө ашырасыздарбы?

— Биз парламентке келгенибизден кийин бул маселе боюнча атайын мыйзам долбоорун даярдап, Өкмөткө бергенбиз. Мен анда депутат болчумун. Маселе каражатка келип токтоп калды. Ал үчүн 6 млрд. сомдон ашык каражат кетет. Бул каражатты азырынча бюджетибиз көтөрө албайт деп Өкмөттүн кайчы пикири келген. Андан кийин Өкмөттөн сүйүнчү пул берүүнү 10 миң сомдон баштайлы деген сунуш берген болчу. Биз дагы ошол сунушка макул болгонбуз. Азыр ар бир балага сүйүнчү пул каралсын, эки балалууларга мынча, үч балалуу энелерге мындай сумма төлөнөт деген мыйзам долбоору иштелип жатат. Россияда “энелик капитал” деген түшүнүк бар. Биз дагы ошондой жаңы институтту киргизели деген ойдобуз. Бул келечекте сөзсүз ишке аша турган жакшы демилге болот.

— Вице-премьерлик креслого “Кыргызстандын” шефи Шакини баласына өкүл ата коюу менен олтурду деген сөз сиздин дарегиңизге айтылган. Бул орунга соодалашуу жолу менен келгенсизби?

— Мен мамлекеттик ишти соодалашкан адам эмесмин. Мен, Шаршенбек, Өмүрбек, Канат, Алтынбек, Бакыт бир партиядан чыккандарбыз. Абдыкеримов менен балама өкүл ата койгуча эле тааныш болчубуз. Бул сөздү мен жөнүндө ар түрдүү ушак-айың кептерди таратып жүргөндөрдүн ойлоп чыгарганы. Биз көпчүлүк коалицияга киргенибизден кийин кайсыл бир министрлик орундар берилди. Вице-премьер-министрлик кызматка үч талапкердин атын бергенбиз. Мен ал талапкерлердин арасында жок болчумун. Берген талапкерлерибиз жакпай калып, ушул маселени кароого мажбур болуп калдык. Шаршенбек “Чолпон, бизде башка вариант жок. Ушул позицияны партияга калтыруу үчүн ушул кадамга барышыбыз керек. Берген талапкерлерибизди жактырбай жатат. Сен барып иштеп беришиң керек болуп жатат”-, деди. Бул маселени Шаршенбек экөөбүз эле чечип койгон жокпуз. Партиянын саясий кеңеши олтуруп алып караганбыз. Партиялаштар “Барышыңыз керек” деген чечим кабыл алган. Партия айтып жаткан соң барса барайын деп макул болгом.

— Партияңыздан коррупцияга аралашпай таза иштеп бергиле деген өтүнүч болгонун айттыңыз. Бизде коррупция күч алган социалдык тармак экенин жашыра албайбыз. Бул тармакта коррупцияны кыскартса боло турганына көзүңүз жеттиби?

— Бул маселени системдүү караш керек. Дарыгер 200 сом алды, мугалим 500 сомдон чогултту деп аны баса калып жатабыз. Бул үстүртөдөн гана кеткен көрүнүш. Баардык акчалар ортоңку звенодо чогулган. Биз ошол жерди карашыбыз зарыл. Бирөөдөн пара алганды гана эмес, бюджеттен бөлүнгөн акча даректүү жумшалдыбы, канча пайызы ошол дарекке жетти дегенди да көзөмөлгө алуу керек. Маселен, жөлөк пул боюнча көп маселе бар. Айыл жерлеринде жетиштүү шартта жашагандар да жөлөк пул алышат. Мен ушул жерге келгенде эле министрликке бул боюнча тапшырма бергем. Ар бир айыл өкмөттө кайсыл жаран жөлөк пул алып жаткан болсо, ошол адамдардын тизмесин илип койгула дегем. Тизмени көргөн адамдар жалган документ менен жөлөк пул алып жаткандарды сөз менен эле тарбияга салып коюшат.

— Социалдык тармакта ушул ишти баштадык, азыр иш жүрүп жатат, аягына чыгарабыз деп айта турган жумуш жүрүп жатабы?

— Биз бүгүн Өкмөттүн жетим балдар үйлөрүн оптимизация кылуу жөнүндөгү токтомунун негизинде жакшы ишти баштадык. Мында дагы системдик кагылышуулар бар. Ошол системада көп жылдардан бери иштеп жатышкан адамдар буга аябай катуу каршылык көрсөтүүдө. Жетим балдар үйлөрүндө өлкө боюнча 6 пайыз гана жетим балдар тарбияланат. Калганы ата-энесинин бири барлар же болбосо экөөсү тең бар болуп, бирок ташталып калгандар жетим балдар үйлөрүндө күн кечирип жатышат. Жакында эле чечендер келишип “Силерде дагы деле жетим балдар үйлөрү барбы?”-, деп аябай таң калышты. “Кыргыз болуп туруп муну эч кимге айтпагыла. Бизде жарандык согуш болуп канчалаган балдарыбыз жетим калса да жетим үйлөр жок”-, деп кетишти. Чындыгында, биз кыргыздар кылым карыткан каада-салтыбызда жетимдерди, карыяларды кароосуз таштаган эмеспиз. Эгер ушул система жетим балдарды тарбиялап өстүргөнгө зарыл болгон болсо, аны жок кылбай кармашыбыз керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Жетим бала үчүн бөлүнүп берилген акча ошол баланын өзүнө колдонулбайт. Жөн гана имаратты кармаганга, маянага, идиш-аяк алганга деп каражат кете берет экен. Мындан сырткары элибизде кайрымдуулук деген жакшы сапат бар. Башка өлкөлөрдөн келгендер, өзүбүздүн жарандар абдан чоң кайрымдуулук жасашат. Ошол акчалар кайда кетип жатат? Бул акчалар менен эле жетим балдар үйлөрдү гулбакчага айландырып салсак болот. Билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринде өз-өзүнчө жетим балдар үйлөрү бар. Булардын баарын мамлекет каржылайт, кайрымдуулуктан түшкөн каражаттар жумшалат. Ошол жердеги шартты көрсөңөр, ыйлагыңар келет. Балдарды тарбиялоого, жашоо үчүн бир дагы шарт жок. Мисалы, мен өзүм депутат болуп турган кезимде жетим балдар үчүн көп эле жолу кайрымдуулук иштерди жасадым. Балдарга деп берген компьютерлер, килемдер азыр барсаңыз жок болуп чыгат. Союздан калган эски буюмдарды коюп коюшат экен. Бул дагы сырттан келген адамга начар абалды көрсөтсө, көбүрөөк кайрымдуулук жасайт деген жаман илдет. Парламенттин бешинчи чакырылышында фостерлер тууралуу абдан жакшы мыйзам кабыл алганбыз. Бүгүнкү күндө он жетидей бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатышат. Алардын турмушка болгон көз карашы, жашаганы, окуганы башкача. Жетим балдар үйлөрүндөгү балдардын руханий жан дүйнөсү такыр талкаланган. Бир интернаттан экинчи интернатка которо беришет экен. Мисалы, 5-класска чейин бир интернатта окуса, кийин башка жакка которуп жиберишет. Бир туугандары бар болсо, аларды да бөлүп, бирөөсүн Жалал-Абадга, экинчисин Ысык-Көлгө жиберет экен. Ата-энесин жоготкон балдар бир туугандарынан да ажырап, терең стресске түшүп калышкан. Эң жаман жери жетим балдар үйлөрүндө тарбиялангандарды 11-классты бүткөндөн кийин турмушка даяр эмес чагында мамлекет тарабынан каржылоо жок деп көчөгө таштап коёбуз. Ал балдар кайсыл жакка кетип жатканын бир дагы министрлик, укук коргоо органдары карабайт. Бир жылда 400 бала ошол жактан чыгат. Алар кайсыл жакка кетип, кыздарыбыздын тагдыры эмне болуп жатат? Сурамжылоону карасак ошол кыздарыбыздын көпчүлүгү көчөдө калган. Төрөп баласын таштап кеткен учурлар болуп жатпайбы. Ошолор менен сүйлөшсөң “Мени деле апам таштап кетпедиби, өлгөн жокмун, бул да өлбөйт” деген маанидеги сөздү айтышат. Жетим балдарды тарбиялайбыз деп мамлекеттин эсебинен каражат бөлүп, бирок балдардын тагдырына балта чаап жаткандай болуп жатканыбызды түшүнө элекпиз. Ошондуктан, биз жетим балдар үйлөрүн оптимизацияга алып келип, балдарды үйлөрүнө кайтарып, кыйын абалда жашап жаткан үй-бүлө болсо бала үчүн интернатка бөлгөн акчаны ата-энесине берип, өздөрү тарбияласын деген саясатты жүргүзүп жатабыз. Эгемендүү мамлекет болгонубузга 25 жылдан ашты. Бирок, биз социалдык тармакта карыяларды, жетим балдарды эмне кылабыз деген түптүү системаны орноткон эмес экенбиз. Бюджеттин 50 пайызы да социалдык тармакка бөлүнөт. 25 жылдан бери социалдык тармакта чоң өзгөрүү болуп, оңдой алдыкпы? Мисал үчүн Молдованы алып карасак, алардын экономикасы биздикинен да начар. Алар бир жылдын ичинде 47 жетим балдар үйлөрүн жок кылышып, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө, асырап алам дегендерге таратып беришти.

— АКШ, Европа, ал тургай Россияда биздин мекендештер карыган адамдарды карап акча таап жатпайбы. Биз дагы социалдык кызмат деген түшүнүктү киргизсек неге болбосун?

— Бизде социалдык кызмат деген түшүнүк кире элек. Социалдык кызматкерлерди даярдаганыбыз менен алар өздөрү “Мен эмне үчүн ушул адистикке ээ болдум?” деп түшүнбөй жатышат. Аларды социалдык тармакка тарткан программа да жок. Айыл өкмөттөрдүн, акимдердин, губернаторлордун социалдык тармакты карай турган орун басарлары бар. Алардын баары ушул көйгөй менен иштеши керек. Орун басарлар болсо кандайдыр бир юбилей же той өткөрүп коюу менен эле алек болуп калышыптыр. Булар өзүнүн негизги функциясын түшүнө элек. Биз азыр ошол критерийди киргизип жатабыз. Евросоюздун жардамы менен 1-июндан баштап социалдык тармакка жооп берген орун басарларды алып келип окутууну баштайлы деп жатабыз. Ар бир район өзүнүн балдарын карасын, ошол бала фостердик үй-бүлөдө болуп, өзүнүн достору менен чогуу эле ошол жердеги мектепке барып окусун, социалдык колдоо бөлүнүп берилгенден кийин ал балдар кандай шартта жашап жатканын жергиликтүү бийлик карасын деген талап болот.

— Бийлик бутактарына бизнесте жүргөн адамдардын келүү агымы күч алды. Сиз да бизнесте жүргөн адамдардын бирисиз. Бизнесмендер тыйын жасоонун ыкмасын жакшы билгендиктен, кызматта турганынан пайдаланып тыйын жасоого кызыгып кетиши мүмкүн. Сиз дагы өзүңүздүн бизнесиңизге жан тартып, жеке кызыкчылыгыңызды ойлоп кеткен учурлар болуп жаткан жокпу?

— Менде бийликке келип өзүмдүн жеке маселемди чечип алайын, ушул жерден тыйын өнөп кетейин, бир кадрды акчасын алып кызматка дайындайын деген түшүнүк жок. Кадр маселесине аралашкан жокмун. Бир тууганымды ушул орунга дайындайын дебедим. Бир да министрден ушул менин таанышым болот, кызмат таап бер деп суранбадым. Ушул жерде канча бир ай олтурсам да бир мектептин директорун алмаштырбадым. Мага чейин вице-премьер болуп иштеп кеткен эжелерди кандай иштерди жасаган, кайсыл иштер боюнча өздөрү көзөмөл жүргүзгөнүн жакшы билебиз. Менде оорукана, дарыкана сыяктуу бизнесим болгон да эмес. Эгер, жеке кызыкчылыкты көздөп кеткен болсом ушул кезге чейин далай сөздөр айтылмак. Эч ким мага кызматынан пайдаланып тыйын жасаган деп айта албайт.

— Сиз Кадамжай районуна көп жардам берип келесиз. Ал жерде сиздин жакындарыңызга таандык базардын жайгашканы буга негизги себеп эмеспи?

— Биринчиден, ал жердеги базар мага карабайт. Менин ага эч кандай тиешем жок. Андыктан базар маселесин козгобой эле койсоңор болот. Экинчиден, мени азыркы деңгээлге Кадамжай районунун эли көтөрдү. Баямандын көзү өтүп кеткенден кийин Кадамжайдан аксакалдар келип “Чолпон, сен Баямандын бүтпөй калган иштерин бүтүрүшүң керек. Депутаттыкка чыкпасаң болбойт” дешип дем берген. Кыргызда “Бир жолу даам таткан жериңе миң жолу рахмат айт”-, деген жакшы сөз бар. Мен депутат болуп турган кезде жума сайын Кадамжайга барат элем. Баямандын “Кадамжай элин таштаба, балдарга татыктуу тарбия бер”-, деген акыркы сөздөрү дайыма кулагымда жаңырып турат. Бул жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган маселелердин бири. Депутат боло элегимде дагы ошол жерге колумдан келген жардамымды берип келгем.

— Баямандын жолун улантуу үчүн саясатка келдим деген мааниде сөз айттыңыз. Саясатка аралашып Баяман Эркинбаевдин атын булгап албаймынбы деген чоочулоо болдубу?

— Мен кыргыз деп чын жүрөгү менен күйгөн Баямандын жубайы болгонум үчүн сыймыктанам. Баяман эли үчүн кандай күйгөнүн жалпы журт жакшы билет. Эгер Баямандын көзү тирүү болуп арабызда жүргөндө, мен саясатка аралашпайт дагы болчумун. Чындыгында, Баямандын жолун улоо үчүн саясатка аттанганга туура келди. Саясатка жаңыдан аралашып жатканымда “Саясатка аралашып алып мени колдогон элди уят кылып койбоймунбу, Баямандын атына жаман сөз тийгизип албаймынбы” деген чоочулоо болгон. Мен Баямандын атын уят кылган жокмун деп ойлойм. Кадамжай элин нааразы кылып койдум, мага берген ишенимин актай албадым деп уят болбойм. Барсам эл алдымдан тосуп чыгат.

— Дача-СУ айылында авиа кырсык болгон кезде социалдык тармакты жетектеген адам катары сизге көп сөз тийди. Ошол жерге барып койбоду деген сөз тараган болчу. Кырсык болуп балдар жетим калып томсоруп турган кезде кайда болдуңуз?

— Кырсык болгон кезде эл жүргөн жерде мен да жүргөм. Мен башкалар сыяктуу эл кайгыга батып жаткан жерде өзүмдү көрсөтүп пиар жасабайм. Социалдык тармакты көзөмөлдөп жаткан жетекчи болуп өз милдетим катары ишти алып бардым. Дача-СУ боюнча социалдык сектор ушул көйгөйдү карабай койду деген бир дагы социалдык маселе жаралган жок. Жетим калган балдардын ар биринин жакын туугандары менен байланышып, өзүмдүн машинама салып алып ооруканага алып келип көрсөтүп, керек болгон жардамды берип жаттык. Бул ишти өзүбүздүн милдетибиз катары аткардык. Биз ушул ишти жасадык деп телевидениени же бир журналистти чакырып, ушул тууралуу чагылдырып койчу деп суранган да жокпуз. Эл жүргөн МОРГдо мен да жүрдүм, эл баскан керосин төгүлгөн жолдо мен да бастым. Султанбекова ошол жерге барбай койду дегендердин адамдык абийирине коёлу. Ошол кезде премьер-министр баш болуп эртең мененки жетиден баштап түнкү он экиге чейин иштеп жаттык.

— Сиз тууралуу ушак-айың кептерди ушул кызмат ордуна көз артып жүргөн адамдар чыгарып жатат деп айткыңыз келип жатабы?

— Жогорку кызматка келген адамды иштей албай жатат же болбосо ушул орунга келебиз деп үмүт кылган адамдардын үмүтү орундалбай калгандыктан ар кандай сөздөр жарала берет экен. Бул кызматке иштейм деп келгенимден кийин бир да иш жасабай кол куушуруп кантип олтура берет элем? Аткарылып жаткан иштерге бир-эки адам эмес, жалпы эл баа берсе туура болот. Бүгүн социалдык тармак эң татаал, кыйын тармактар экенин жакшы билесиздер. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык тармактарда чечилбей жаткан маселелер да абдан көп. Муну да ачык айтышыбыз керек. Заматта эле баарын бир жолго салып коюу мүмкүн эмес. Баары барып эле бюджет маселесине такалат. Биз бюджетке шылтап олтуруп калбай, алдыга жылдыруунун үстүндө иш алып баруудабыз. Азыр Өкмөткө баа берип жаткан кыйындар учурунда өздөрү да ушул кызматтарда иштеп кетишкен. Алардын кандай иштегенин, коррупциялык иштерге аралашып чырдын чордонунда калганын көпчүлүк жакшы билет. Мен жөнүндө дагы ар кандай туура эмес маалыматтарды кимдер таратып жатканын, анын артында кайсы саясий оюнчулар турарын, кайсы маалымат каражаттарына канча тыйын төлөгөнүнө чейин билем. Мен алардын деңгээлине түшүп, майда сөздөрдү айткым келбейт. Алар “Чолпон ушул жерден акча жеп койду, бул жерде жеке өзүнүн максаты үчүн иштеп жатат” деп айта албайт. Өздөрүнүн деңгээлиндеги көчө сөздөрү менен гана чектелишет. Ким кандай иштегенине эл өзү татыктуу баасын берип баалап алат.

Булак” Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: