Ушул жылдын 26-майында Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун имаратында ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, Баткен гуманитардык экономикалык университетинин Сүлүктү гуманитардык экономикалык институтунун кесиптик орто билим берүү борборунун студенттери чакырылды. Бул туурасында Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.
Аталган окуу жайдын мугалими М. Шадиев жетектеп келген студенттерди Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Гуламидин уулу Элчибек жана Сүлүктү шаардык соттун судьясы Гүлзат Эрматовалар сот отурумунун залы, маалымат тактайы, соттун жүрүшү боюнча айтып берип, сотко арыз кандай жазылышы боюнча да маалымат беришти.
Ошондой эле студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ