Кыргызстандын Өкмөтү Максим Бакиев эки өкмөттүк фондон 26 млн. доллар алып, өлкөнүн экономикасына зыян келтирген деген арыз менен Улуу Британиянын сотуна кайрылган. Бирок далилдердин аздыгынанбы, же биздин юристтердин алсыздыгыбы, же дагы башка себептерденби былтыр сентябрь айында кыргыз Өкмөтү кайрадан доо арызды кайтарып алгандгы тууралуу маалымат тараган. Эми Англиянын Жогорку соту ошол сот процессинде Максим Бакиев чыгымдаган каражатты кыргыз Өкмөтү төлөсүн деген өкүм чыгарды.
Булак: “Сентябрь”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ