2017-жылдын 30-31-майларында туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, бүгүн 30-майда жаан-чачын көпчүлүк аймактарда жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай ыкчам маалыматты ӨКМ таратты.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2017-жылдын 30-31-майларында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ