Menu

Генпрокурор ЖК депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго, экс-министр Чынгыз Узакбаевге каршы кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-майда КР МУКК ККК материалдарынын негизинде КР Башкы прокурору тарабынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана жогорку даражалуу кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин (паракорчулук) 303-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголду. Бул туурасында МУКК басма сөз кызматы маалымдайт.

Чогулган материалдарга ылайык,  2009-жылдын 17-июлунда КР премьер министри Игорь Чудиновдун буйругунун негизинде,  КР Финансы министринин атынан Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду (ЭӨМФ) ошол учурдагы мыйзам ченемдерин бузуу менен «МИС» ААКга кант кызылчасынын өстүрүү жана үрөн тазалоо заводун реконструкциялоо максатында 2012-жылдын 31-декабрына чейин кутулат деген жүйөө менен 200 млн сом бөлүп берген.

Белгилей кетсек, буйрукка кол коюлганга чейин Т.Шандецкая аттуу жаран (Игорь Чудиновдун кайын энеси) «Бишкекстроймонтаж»  ЖЧКсынан «МИС» ААКнын 24 пайыз акциясын сатып алган. Ошондой эле «МИС» ААК акцияларына А.Жапарова (КР экономика жана каржы экс-министри Акылбек Жапаровдун жубайы) жана башка адамдар ээлик кылып турган.

Андан кийин, КР каржы минстрлигине караштуу ЭӨМФ эки ирет (2012- жана 2015-жылдары) «МИС» ААК мамлекеттик бюджеттин кредиттер боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткан.

2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча КР Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААК карызы 237 млн. 791 мин 75 сомду түзөт. Мындан тышкары ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААКнын 95 пайыз акциялары КР ЖК депутаты Акылбек Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү  болуп саналат.

Соттук эксперттин кортундусуна ылайык, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыялардын 68 млн. 248 мин 50 сому максатсыз пайдаланылган.

Ошентип, Игорь Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрллери Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул кылмыш ишин тергөө КР МУККга тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: