Menu

Жалал-Абадда эски көпүрө адамдардын үшүн алууда

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш шаардык аймактык башкармалыгына караштуу Майлуу-Суу дарыясына курулган көпүрө көп жылдардан бери иштеп келгендиктен, азыркы мезгилде аябай эскилиги жетип, анын негизги таянычтарын дарыясынын суусу алып, андан автотранспорт каражаттары өтпөй, эл гана жөө-жалаңдап өтүп калды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Кейиштүү абалдагы көпүрөнүн азыркы абалы менен жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, “Кыргызнефтегаз” ААКсынын генералдык директору Абдирашит Бостонов жана Майлуу-Суу шаарынын мэри  Нурадил Маматов таанышты. Азыркы тапта Майлуу-Суу дарыясындагы суунун көлөмүнүн көбөйүүсү көпүрө аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө олуттуу коркунуч туудуруп калды. ӨКМнин адистери көпүрөнү азыркы абалында колдонуу өтө  кооптуу жана колдонууга жатпайт деген бүтүмүн чыгарышкан.

Майлуу-Суу шаарындагы Көк-Таш шаардык аймактык башкармалыгына караган Нефтепром жана Заречная көчөлөрүндө азыркы мезгилде 200дөн ашуун кожолук эл жашап жатышат. Шаар тургундары облустук жана жергиликтүү бийлик башчыларынан көпүрөнү кайрадан сапаттуу куруу өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Бул көпүрөнү тээ союздун мезгилинде “Кыргызнефтегаз” ААКсы тарабынан курулган. Анткени бул чөлкөмдөн нефтини чалгындоо жана бургулоо иштери жүргүзүлүп келинген.

-Көпүрө колдонууга коркунучтуу болуп калгандыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Эми бул маселени көпүрө куруу боюнча тиешелүү  адистер толук изилдеп чыгышсын. Бул абалда көпүрөнү кайрадан ремонттоо дегеле мүмкүн эмес. Менин оюмча аны толугу менен бузуп, ордуна кайрадан жаңы көпүрө куруу зарыл деп эсептеймин. Ошондуктан тармактын адистери өздөрүнүн бүтүмүн чыгарып беришсин, ошого жараша иш туталы,- деди Кыргызнефтегаз” ААКсынын генералдык директору Абдирашит Бостонов.

Азыркы мезгилде Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш аймактык шаардык башкармалыгында 5000ден ашуун калк жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: