Menu

БУУ: 2017-жылы 100 миңден ашык ооган жараны үйүн таштап кетти

Бөлүшүү:

2017-жылы Ооганстандын согуш жүрүп жаткан аймактарында жашаган 100 миңден ашык жаран коопсуз жайга көчүп кетүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришти.

Уюмдун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын январынан бери Ооганстанда 103 229 киши башка жерлерге көчүшкөн. Бул өткөн жылдын алгачкы беш айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 36 пайызга аз.

Башкармалыктын эксперттери үйүн таштап кеткендердин азайышын өлкөдөгү негизги кагылышуулардын дагы деле былтыркы аймактарда уланып жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Айтымдарында, ал райондордогу жашоочулардын көбү мурда эле көчүп кетүүгө үлгүрүшкөн. Уюмдун билдирүүсүндө буга өлкөдөгү жакырчылыктын өсүшү жана буга чейин башкалкалоого мүмкүн делген шаарларда коопсуздуктун начарлаганы дагы себеп болгону айтылат.

«Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Ооганстанда байма-бай кол салууларды уюштуруп келишет. Январдан бери алардын колунан жүздөгөн жай тургун каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: