Menu

Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдар кайрадан ыраатташтырылууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мамлекеттик сыйлыктарды кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдарды белгилөө, көрсөтүү, ыйгаруу, тапшыруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан, аны кайрадан ыраатташтыруу зарылдыгы жаралган.

Мисалы, мыйзам долбоорунда «КР Баатыры» наамы – эӊ жогорку артыкчылык даражасы, ордендер – I категориядагы, медалдар – II категориялагы, КР Ардак грамотасы III категориядагы сыйлыктар катары каралган. Андан сырткары, «Даӊк» жана «Достук» ордендерин белгилөө да сунушталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: