Menu

Гульнара Джурабаева, БШКнын мүчөсү: “Байкоочулар катышпаса – эл шайлоонун натыйжасына ишенбейт”

Бөлүшүү:

– Гульнара эже, бу сапар президенттик шайлоо катуу таймашта өтөөрү болжонуп, ал тургай президенттик шайлоого коюлуучу күрөө да 100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулады. Бул ыкма акчасы барларды гана шайлоого катыштырып, акылы бар бирок, акчасы жоктордун шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон жокпу?

– Шайлоо күрөөсү боюнча менин жеке пикирим төмөнкүдөй: биз акчалай күрөө же “подписной лист” киргизсек болмок. Бирок, тилекке каршы биз эки барьер коюп атабыз. Мына ошол барьер боюнча да бизге Венециандык комиссия өз пикирин билдерген. “Экөөнү тең колдонсонор барьер аша чаап (чрезмерный) кетет”-дешкен. Бейөкмөт уюмдар дагы өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен. Алар деле президенттик шайлоого катыша турган талапкерлер 1 миллион сомдук күрөө жалаң эле олигархтарга жол ачаарын айтышкан. Мен да ошондой пикирдемин. Бирок, жеке пикиримде күрөөнү 1 миллионго көтөрөрдөн мурун талапкерлер 30 миңден аз эмес кол топтой турган эрежени киргизип койсо болмок. Себеби кол топтоо жеңил жумуш эмес. Балким, административдик ресурту колдонгондор үчүн эле оңой болбосо, башкалар үчүн чоң машакатты талап кылмак.

– Жогорку Кенеш шайлоолор боюнча өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Бирок, активистер бул өзгөртүүгө каршы пикирин айтып, саясый партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнүп, жарандык коомдун шайлоого байкоо салуу укугун чектейт деп чыгышты. Активисттердин чырылдаганында мандем барбы?

– Негизи активистер туура айтып жатат. Ошол өзгөрүштөр боюнча байкоочулар арыз да бералбайт экен. Мурунку шайлоолорго салыштырсак, бейөкмөт уюмдардын байкоочулары эң маанилүү жана сабаттуу арыздарды жазган. Ошол арыздардын негизинде кээ бир участоктордун натыйжаларын БШК жокко чыгарган. Чынында шайлоого байкоо жүргүзүлүшү шайлоо натыйжасынын легитимдүүлүгүн бекемдейт. Ошондой эле бири-бири менен күрөшкөн партиялар, талапкерлер башкаларга салыштырмалуу бейөкмөт уюмдардын байкоочуларына көбүрөөк ишенет. Мен эмне үчүн бейөкмөт уюмдардын байкоочуларын шайлоодон четтеткен норманы киргизгенин түшүнбөй жатам. Мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан авторлордун партиялаштары деле көз карандысыз байкоочуларга кайра жардам сурап кайрылып, “шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө көзөмөл кылып бергиле”- деп жүрүшөт. Бейөкмөт уюмдардын жардамы керек болсо, анда неге аларды четтеткен норманы мыйзамга киргизип жатканы чынында түшүнүксүз болуп калды.

– Бирок, долбоордун авторлору шайлоодогу добуш берүүнү иретке салууну көздөшкөнү үчүн мыйзамды өзгөртүүгө барышканын айтып жатышат го. “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга кирген өзгөртүүнүн жардамы менен мындан ары шайлоо системасы эл күтпөгөн нукка бурулуп, ашыкча мыйзам бузуулар күч алып кетпейби?

-Байкоочулар шайлоого катышпаса, ашыкча мыйзам бузулбаса да, эл шайлоонун найтыйжасына ишенбейт. “Фальсификация кылды”- деп шек санай беришет. Эгер шайлоонун жыйынтыгы ынанымдуу болсун дешсе, бейөкмөт уюмдардын-байкоочуларын четтетип, аларды өгөйлөбөй эле коюшса болмок.

– Дүйнөдө бир гана байкоочу деген түшүнүк бар. Эл аралыкпы, партиянын мүчөсүбү же бейөкмөт уюмданбы – шайлоонун таза өтүшүнө көз салышышат. Бирок, так ошол байкоочуларды тымызын четтетип, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга шашылыш өзтөртүү киргизүүнүн өзү эмнени каңкуулайт?

– Бул ыкма – шайлоо процессиндеги квалификациялуу көз карандысыз байкоочулардын бөлүгүн жок кылуу аракети десек болот. Ошондой эле бийликтин бул кадамын бейөкмөт уюмдар мамлекеттик эмес ишканаларды шайлоодо көзөмөл кылуудан четтетип, мыйзамсыз технологияларды ишке ашырышынан кабар берип жатат (!) деп катуу эле айтып жатышат. Булардын да көтөргөн маселесинин жөнү бар.

– Сиздин баамынызда жаңы технологиялар менен өтө баштаган шайлоолордо адилеттик өкүм сүрөбү? Жогору жактагыларбы же БШКдагыларбы, техниканын да тилин таап, бирине добушту көп берип, экинчисине берилген добуштарды жокко чыгарып койбойбу?

– “Шайлоо таза өтсүн”- деген максатта жаңы технологияларды атайын киргизгенбиз. Ага чейин, тизмелер туура эмес болуп, бир эле шайлоочу бир нече участоктун тизмесине киргизилген учурлар болгон. Анан дагы, карусель болуп шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен тил табышып, айрым талапкерлер тизмеде катталбаган жарандарды өткөргөн мезгилдер болгон. Мына ушундай шайлоого терс таасирин тийгизген ыкмалардан арылуу максатында, жаңы технология менен шайлоо өткөрүүнү колго алганбыз. Кудай буюрса, жаңы технологиялар коомчулукту дүрбөлөңгө салып, бүдөмүк ой жараткан ыкмаларга жол бербейт. Башкача айтканда, тымызын жан тарткан адамына да шайлоо комиссиянын мүчөлөрү добуш бере албайт. Анткени, бюлетендерди автоматтык түрдө эсептеген
урна чыгаргандан кийин кол менен саналат. Жыйынтыгын чыгарган протоколго бюлетендердин баары кол менен саналгандан кийинки натыйжасы жазылат.

– Биометрикалык паспорт чын эле шайлоонун таза өтүшүнө салым кошуп жатабы?

– Биометрикалык паспорт бир гана жагынан шайлоонун таза өтүшүнө салым кошот. Паспортту алганда персоналдык маалыматтар дагы бир жолу текшерилет. Аты-жөнү, жашап жаткан жери, дареги, манжаларынан бери катталат. Негизи биометрикалык эмес, азыркы паспорт менен деле шайлоону таза өткөрсө болот.

– Бу сапар таза шайлоо өтөт дегенге ынансак болобу?

– Таза шайлоо өткөрүү бир гана БШКга эмес, шайлоого катышуучулардан да көз каранды. Айтайын дегеним, талапкерлер добуштарды сатып алса, же административтик ресурсту колдонсо, агитациянын эрежесин бузса же шайлоого катышкан талапкерлер бири-бирин каралаган жагдайлар орун алса да, “шайлоо таза өттү” деп айтылбайт. Кыскасы, таза шайлоо болушу үчүн саясатчылардын саясый маданияты да бийик болушу керек. Башкача айтканда – саясый маданият жогору болсо, шайлоого да ишеним жогорулайт.

– Президенттик шайлоонун 15-октябрга белгиленгени туура эле болдубу?

– Президенттик шайлоонун күнүн эртелетип өзгөрткөнү туура болду. Анткени, Конституциядагы жазылган мөөнөттү сакташ керек. Эгерде ноябрда көрсөтүлгөн күнү сакталса анда 1-декабрда шайлоонун жыйынтыгын чыгара албайт болчубуз. Мен ЖКдагы фракцияларга өз атымдан кат жөнөтүп, ар бир шайлоо этаптарынын өзүнүн узундугу бар экендигин, шайлоо күнүн белгилегенде ошону эске алуу зарылдыгын жазгам. Меним эсебимде шайлоо эки тур менен өтсө ага 84 күн керектелет.

– Эрте жарыкта эле пиар кампанияларды баштап алган президенттикке талапкерлерге БШК эскертүүдөн башка кандай чараларды көрүшү керек?

– Бул маселе боюнча меним өзгөчө позициям бар. Шайлоо баштала электе айрым талапкерлер, партиялар тымызын пиар кампанияны башташты. Ошондуктан шайлоо өткөндөн кийин мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоого катышкан партияларбы же талапкерлерби, “үгүт ишин шайлоо болору белгилүү болгондо эле баштай берсе болот” деп уруксат берип койсок болот. Анткени, айрым талапкерлер эгер шайлоо боло турган мезгилге чукул депутат же өкмөт башчы болсо, ишине байланыштуу райондорду аралап, эл менен жолугуп, элге маалымат берет экен да, башка талапкерлердин укугу чектелип калат.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: