CNN телеканалы атайын кызматтын ардагерлери жана Конгресстеги өз булагына шилтеме кылып билдиргендей, өткөн жылкы президенттик шайлоонун алдында Орусия өкүлдөрү Республикалык партиядан талапкер Дональд Трампка жана анын шайлоо штабынын кызматкерлерине карата компроматы бар экенин билдиришкен.
Орусиялыктардын сүйлөшүүлөрү америкалык контрчалгын мекемеси тарабынан жаздырып алынып, «Орусия администрацияга таасир эте алат» деген божомолдордун жаралышына себеп болгон.
Булактардын биринин маалыматы боюнча кеп болуп жаткан компромат каржылык мүнөзгө ээ болгон. Ошол эле маалда талдоочулар орусиялыктардын ал билдирүүлөрү шайлоо өнөктүгүндө дүрбөлөң чыгаруу үчүн «апыртылган же ойдон чыгарылган болушу мүмкүндүгүн» эскертишүүдө.
CNN орусиялыктар сөз кылган Трамптын шайлоо штабынын бир дагы кызматкеринин аты-жөнүн атаган жок. Өткөн жылкы шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан ФБР орус тараптын ал билдирүүлөрүнүн текшерилген-текшерилбегендиги боюнча комментарий бере элек.
Президенттин өзү Twitter баракчасына: «Орусия бийлигиндеги адамдар Кошмо Штаттарга күлүп жатышса керек. Жалган маалыматтардын каналына айланган ММКлар жеңилүүсүн актоо үчүн демократтар тарабынан ойдон чыгарылган болбогон түшүндүрмөлөрдү таратып жатышат», — деп жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ