Menu

“Балдар – жер шарынын жандуу гүлдөрү”

Бөлүшүү:

Орус элинин улуу жазуучусу Максим Горький биздин эртеңки келечегибиз болгон балдар туурасында “Балдар – жер шарынын жандуу гүлдөрү” деген таамай  аныктамасын берген экен. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда бир катар максаттуу иш-чаралар аткарылат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан 90 миң сом акча каражатын облустун аймагындагы балдар үйлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында адрестүү түрдө которуп берди.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы психонервологиялык балдар үй-интернатына, Ноокен районундагы Ж. Ниязов атындагы атайын көмөкчү мектебине, Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү “Бакыт” борборуна, Сузак районундагы Октябрь айылындагы Ж. Бөкөмбаев атындагы балдар үйүнүн ар бирине 20 миң сомдон жана Жалал-Абад облусундагы “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реаблитациялык борборуна 10 миң сом ыйгарым укуктуу өкүлдүн өздүк фондунан которулуп берилди.

-Жалал-Абад облусттук мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын бардык жетекчилери 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайсыл балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүүлөрү керек экендиги конкреттүү көрсөтүлдү. Биздин максат балдарыбызды эл аралык күнү гана эстебестен жыл ичинде шефтик жардам көрсөтүү жагын жөнгө салуу болуп саналат. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 9013 жарым жетим, 480  толук томолой жетим балдар бар. Мындан сырткары облус аймагы боюнча 28 945 ден соолугу чектелген адамдар бар,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: