Menu

Тажикан Эрмекбаева, төлгөчү: “Президенттик шайлоонун тагдырын акча чечет”

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоону утурлай кайсыл талапкерге ийгилик жылмаярын билүү максатында төлгөсү төп келген Базар-Коргондук Тажикан Эрмекбаеваны кепке тартып. айрым суроолорго жооп алдык.

“ҮЧ ГАНА АДАМДЫН ОРТОСУНДА ТИРЕШ ЖҮРӨТ”

– Бу сапар президенттик шайлоо аябагандай курч мүнөздө өтөт. Айрымдар соодалашып, тымызын келишимге келишет. Президенттикке талапкер болгондордун көпчүлүгү орто жолдон оюндан чыгат. Жыйынтыгында, президенттик такка жетсем деп көзү кызаргандардын баары эмес, шайлоонун аягына чейин үчөөсү эле калат. Башкача айтканда президенттик шайлоо үч адамдын тирешин жандантып, күчтүү атаандаштыкта өтөт.

“ОРТО ЖАШТАГЫ АКЧАЛУУ АДАМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ”

– Мен тарткан төлгөдө президенттик так үчүн ат салышкан адамдардын ичинен буудай ирең, орто бойлуу, сулууча келген орто жаштагы адамга ийгилик жылмайып, президенттик такка отурганын көрүп турам. Негизи акчасына ишенгендер ат салышат. Башкача айтканда, элдин көпчүлүгү добушун сатат.

“ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООГО ЧЕЙИН ЭЛЕ ӨЗ ЭРКИ МЕНЕН КЫЗМАТЫНАН КЕТИП КАЛАТ”

– Президент “мөөнөтүмдүн аягына чейин отуруп, шайлоону жакшы өткөрүп, Кыргызстанды татыктуусунун колуна тапшырып берип кетейин’’- деп жатат. Бирок, ажонун оюу ордунда эмес. Ар нерсени ойлоп, ой басып, бирде кызматын эрте тапшырып салгысы келсе, кээде “Кыргызстандан башка жакта жашоомду улантсамбы?”- деп ойлойт. Мага түшкөн төлгөгө караганда президент ден-соолугуна байланыштуу мөөнөтүнүн бүтөөрүнө жакын күтүлбөгөн билдирүү менен чыгып, бийлигин өз эрки менен өткөрүп берет. Ошон үчүн президентик шайлоо бу сапар аябагандай курч мүнөздө өтөт. Жогоруда айткандай элди ынандыра билгени ийгиликке жетишип, Кыргызстанды башкарат.

“ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТЕРДИН КАТАРЫНА КИРЕ БАШТАЙБЫЗ”

– Кыргызстан буюрса өнүгөт. Мен бу сапар жаман жагын эмес, өнүккөн, элдин жашоо турмушу оңолгон жашоосун көрүп жатам. Жогору жактагылар жана эл пейилин оңдосо, мамлекетибиз кыска убакыттын ичинде кадыры жогорулап, өнүккөн мамлекеттердин катарына кире баштайбыз.

“ТЕКЕБАЕВ ЖАҢЫ БИЙЛИК КЕЛГЕНДЕ ТҮРМӨДӨН ЧЫГАТ”

– Текебаев жаңы президент келгенче түрмөдөн чыкпайт. Аны президенттик шайлоо бүткөнчө көрүнгөн шылтоону айтып, камактагы мөөнөтүн узарта беришет. Жаңы президент келип анан эркиндикке чыкпаса, бул бийликтин тушунда камакта гана отурганын көрүп жатам. Ал тургай анын түрмөдөн чыгышы кыйыныраак болот.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: