Menu

Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанды. Жеңишке жете алабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков кичи мекени – Алай эли менен жолугушуп, анын жыйынтыгында миңдеген адамдар саясатчыга алдыдагы президенттик шайлоого катышуу талабын айтышып, ак боз ат мингизип, ак чепкен жаап, аттандырышты. Буга дейре экс-спикер Акматбек Келдибеков, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жолбашчысы Адахан Мадумаров биригишип, президентикке бирдиктүү талапкерди сүрөшөөрүн жарыялаган болушчу. Алай элинин талапкер катары Ахматбек Келдибековду аттандырган жыйынына “үчилтиктин” ичинен Камчыбек Ташиев барган. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров өз позициясын азырынча ачыктай элек. Бирок, кандай болгон күндө да, “ким кийинки ажо болот? Кимге өлкөнү ишенип тапшырабыз?”- деп турган карапайым эл үчүн жарышка дагы бир күчтүү саясатчынын, элин сүйгөн патриот жигиттин келип кошулушу кубаттай турган көрүнүш.
Учурда, президенттик такты үчүн күрөшкө чыкчулардын катары онго жакындап калды. Булар – шансы жок, эч кандай эл колдоосуна ээ эмес жыйырма чактысын кошпогондо. Албетте, эр жетилген адамдын элине кызмат өтөөсү – турган иш. Эгер буга чейин элге сиңирген эмгегиң болсо – бул ого бетер зарыл умтулуу. Ошол сыңары, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековдун да чындап элге кызмат кыла турган учур сааты келип турат. Туура бир жыл мурда, 2016-ж. 18-майда №17-санда (248) биз А.Келдибековдун президенттик жарышка аттануусу мүмкүндүгүн айтып, өмүр таржымалына кайрылган болчубуз. Бүгүн да биз Ахматбек мырзанын бейнесине кайрылганы турабыз…

Ахматбек Келдибековдун ысымы 2001-жылы Социалдык фондду башкара баштаган учурдан баштап тааныла баштаган. Себеби, пенсиясын, пособиесин ар кандай азык-түлүктөр, мисалы туздалган бадыраң, ун, макарон, кийим-кече менен алып аткан жарандарга дал ушул А.Келдибеков келгенден баштап, социалдык төлөмдөр акчалай бериле баштаган. Мурда 2-3 ай, кээде жарым жылдап колго тийбеген, тийсе да жогоруда айткандай азык-түлүк түрүндө берилсе, Соцфондду Келдибеков жетектей баштаганда бул кемчилик жоюлган. Төлөмдөр накталай акча түрүндө, ай сайын бериле баштаганын бүгүн эч ким тана албаса керек. Ахматбек Келдибекович өзү каржы тармагында көп жылдар иштеп, канча баскычтан өткөн, демек, Соцфонд аркылуу көпөстөр, чиновниктер өтпөгөн продукциясын акчага айлантып атканын айттырбай билген. Мына ушул коррупциялык схемага чекит койгон, акчалардын обу жок, кимдир-бирөөнүн пайдасына айлантылышына каршы чыккан. Сезилерлик жакшыруу, жылыш болгонун байкаган эли-журт ошондо А.Келдибековго абдан ыраазы болушкан. Мунун жыйынтыгында, 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо күчтүү атаандаштары турса да көпчүлүктүн колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2007-жылдан баштап парламенттин Бюджет жана каржы комитетин жетектеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошкон.

Андан кийин, 2008-жылдан баштап, дээрлик апрель ыңкылабына чейин салык кызматын жетектеген. Анын тушунда салыктарды чогултуу тартиби өзгөрүп, бюджеттин киреше бөлүгү болуп көрбөгөндөй өскөн. Мындай өсүштү дээринде таза иштеген, көкүрөк көрөңгөсү бийик, акылы-билими тунук жетекчи гана камсыз кыла алмак. Анткени, Акаев учурунан бери өзгөчө ушул салык жана бажы тармактарында өзүнчө “кошелёктор” иш алып барып, арам жолдор аркылуу миллиондорду өйдө жактагы “шефтин” чөнтөгүнө салып турбады беле. Албетте, А.Келдибековдо деле Соцфонд, Салык кызматын жетектеп турган учурунда эбегейсиз байып алуу мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Бирок антип байыган арам тамак жетекчилер кайда, алардын кимисин эл жакшы сөз менен эстеп жүрөт? Бирок, Келдибековдун бул эмгектерин азыркы бийлик эске албады. Кайра тескерисинче, дал ошол кызматтарда иштеп жүргөн мезгилдерде “жеген, ичкен” дешип, жасалма кылмыш козгоп, камап, куугунтуктаганын айтпасак да көрүп турбадыңыздарбы. Бирок, ал кылмыш иштеринин баары сот залына барганда ыдырап кетти. Козголгон кылмыш иш алкагында тагылган айыптарын тастыктаган колдорунда бир да документтери жок экендиги ачыкка чыкты. А сотко чакырылган күбөлөр болсо Ахматбек Келдибековдун жетекчи катары мыкты сапаттарын көрсөткөнүн, өсүш даана байкалганын айтып, мамлекеттик айыптоочулардын ооздорун ачырышты. Эгер Келдибеков мамлекеттин 1 тыйынын уурдаган болсо, Атамбаев режими аны соо коймок эмес, түрмөдө бийлиги аяктарына чейин кармап, сындырууну ойлошкон.

2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин Ахматбек Келдибеков “Ата-Журт” саясий партиясынын лидерлеринин бири катары саясатка катуу киришкен. Түштүктөгү июнь коогалаңы башталган маалда А.Келдибеков партиянын Ош облусу боюнча координатору катары Ош шаарында болчу. Ошондо араздашкан тараптардын чок ортосунда калып кеткени белгилүү. Бирок Келдибеков Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө окшоп качып кетпестен, абалды турукташтырууга колунун келишинче салымын кошкон. Анын Камчыбек Ташиев сыяктуу партиялаштары менен катар жасаган эрдигин тарых барактарынан эч ким өчүрүп таштай албайт.

Ошол жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясы күтүүсүз жерден 1-орунду алып, натыйжасында Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Бүгүнкү күнгө дейре эксперттер, саясий коомдук ишмерлер Келдибековдой күчтүү спикер Кыргызстандын тарыхында болбогонун сөз кылышат. Себеби ал бийликке жүгүнүп, президенттин көзүнүн кареги менен айланбай, акыйкат иш жүргүздү. Парламентаризм шартында Жогорку Кеңештин күчү кандай болушу керектигин дал ушул А.Келдибеков сездирди. Арийне, минтип бийликти укпаган, адилет ойлорун айтуудан тажабаган спикер 2011-жылы президенттикке шайланып келген Атамбаевге керек эмес болчу. Жыйынтыгында, күлкү келерлик айыпты тагышып, акыры Келдибековду ээрден оодарууга жетишишти. Анын ордуна кимдер келип, кантип иштегенин билесиздер. Парламент кийинки спикерлердин тушунда президенттик аппараттын бөлүмүнө айланганын айтпаган кыргыз калган жок окшойт. Баары салыштырмалуу билинет, буларга салыштырышып, Келдибеков абдан күчтүү спикер болгонун эл да сезди.

Бирок, спикерликтен кеткени менен, А.Келдибеков депутат катары ишмердүүлүгүн улантты. 2012-жылы октябрда дагы бир чыр чыкты: А.Келдибековдун саясаттагы да, турмуштагы да досу Камчыбек Ташиев баш болгон партиялаштары “Кумтөр” боюнча митингге чыгып, камакка алынышты. Ошо кезде чет өлкөдө сапарда жүргөн А.Келдибеков бир жумадай убакыттан кийин кайтып келип, дароо басма сөз жыйынын уюштуруп, “К.Ташиевдин камалышы мыйзамсыз! Ага саясий куугунтук жүрүп жатат!”- деп бийликке дагы каршы чыкты. Оор тагдыр башына түшүп турган чакта А.Келдибековдун досу үчүн тикеден-тике туруп бергени – анын адамгерчилик бийик сапатынан кабар берип турат. Ташиевди колдоо митингдеринде Келдибеков сөз сүйлөп, бийликтин айыбын чукуганын калың журт да жакшы билет.

Андан көп өтпөй, 2013-жылдын ноябрында А.Келдибековдун өзүнүн башына да кыйын чак келет. Себеби, күтүүсүз жерден эле камакка алынат да, заматта кылмыш иши козголуп, КТРК аттуу “кара жащик” аркылуу корупционер катары шыбала баштайт. Ал учурда бийликтеги аткаминерлер кылмыш ишинин канчалык негизде мыйзамдуулугу, тагылган айпытарды далилдей алышабы-жокпу, ойлонушкан эмес, бир гана максат – депутат А.Келдибековду камоо, анын оозун жабуу болгондугу бешиктеги балага деле дайын иш.

А чындыгында бийлик Ахматбек Келдибековдун депутат катары “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылып кеткени, “Кумтөр” алтын кениндеги коррупция, энерегетикадагы уурулуктар, бийликтин алешемдиктерин чукуп айта баштагандыгынан, анан да, экс-спикердин эл тарабынан катуу колдоого алынып кеткенинен чочулаган. Максаттары -чочутуу, коркутуу, сындыруу, саясаттан четке чыгаруу болчу. Мунун бири да ишке ашпады. Кээ бир саясатчыларга окшоп Келдибеков качып деле кетсе болот эле. Бирок, ал мыйзамдуу жол менен күрөшүп, акыры актыгын далилдеди, эл А.Келдибековду мурдагыдан да терең урматтап калганы көрүнүп турат.

Президент Ахматбек Келдибеков – Кыргызстан үчүн мыкты вариант. Анын басып өткөн жолуна саресеп салсак, бардык тепкичтерди басып өттү, өзүнүн тартипти сүйгөн, чарбакер жетекчи экенин далилдей алды. Демек, президенттик тактыга бышып жетти. Дал ошондуктан да, карапайым калк ичинде алайлык туугандардын чечими күн өткөн сайын чоң колдоолорго ээ боло баштады.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: