Menu

“Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Бөлүшүү:

“Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги” аталышындагы конференцияны “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” аткаруу максатында жана “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз тили боюнча мультимедиялык-лингвистикалык лабораториянын” ачылышы болуп, келген коноктор заманбап жасалган кабинет менен таанышты.

Конференциянын ачылышында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев конференцияны ишине ийгилик каалоо менен, буларды билдирди: “Мамлекеттик тил – өлкөнүн биримдиги менен бүтүндүгү, туруктуулугу, анын улуттук идеологиясы менен коопсуздугу жана мамлекеттин тарыхый тагдыры жөнүндөгү фундаменталдуу проблема. Ааламдашуу доорунда  улуттун иденттүүлүгүн аныктаган тилин, тарыхый эстутумун, маданиятын, географиялык-чөлкөмдүк, аймактык баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү, заманбап технологияларга ыңгайлашуу аркылуу миң жылдыктардын чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө милдеттүүбүз.” Н. Ишекеев сөзүн жыйынтыктап жатып И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымын кошкон кызматкерлерине Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасын” тапшырды

Илимий конференцияга КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Исаев, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобеков жана Мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ибраимова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б. катышты.

КР Өкмөтүнүн өкүлү А.Исаев өз сөзүндө мамлекеттик мекеме-уюмдарда котормочу штаттык бирдиги жоюлуп, анын ордуна лингвист-эксперттин иш алып баруусу менен мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилди билүү муктаждыгы жаралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Пленардык жыйында Б.Төрөбеков “ЖОЖдордун башкаруучулук ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү концептуалдык негиздер”, Ж.Тургумбаев “Мамлекеттик тилди өркүндөтүү тажрыйбасы (Израил мамлекетинин мисалында)”, А.Кубатова “Мамлекеттик тил саясатынын түптөлүү тарыхынан” аттуу баяндамаларын жасады.

Конференциянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй секциялар менен улантылды:

1-секция. Билим берүүдө мамлекеттик тилде окутуунун маселелери;

2-секция. Тармактык терминдер жана котормолор;

3-секция. Мамлекеттик тилди изилдөө жана колдонуу көйгөйлөрү;

4-секция. Уюштуруу жана башкаруу иштеринде мамлекеттик тилдин колдонулушун жакшыртуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: