Menu

Трамп протоколду бузуп, дүйнө лидерлерине мобилдүү телефон номерин берүүдө

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп мобилдүү телефонунун номерин бир катар чет өлкө жетекчилерине берүү менен дипломатиялык протоколду бузуп, коопсуздук кызматынын тынчсыздануусун жаратты. Бул тууралуу The Washington Post гезити маалымдоодо.

Трамп мобилдүү телефонунун номерин Мексика президентине жана Канада премьер-министрине берген. Канада өкмөт башчысы Жастин Трюдо ага чалып жиберүүгө дагы үлгүргөн. Трамп Франция президенти Эммануэль Макрон менен дагы телефон номерин алып-беришкен.

Басылманын маектешинин айтымында, АКШ президенти бекем корголгон имаратта кандай гана мобилдүү телефон менен колдонбосун сүйлөшүүлөрдү башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары тыңдап коюшу ыктымал.

Өткөн президенттик шайлоо кампаниясы тушунда Трамп атаандашы Хиллари Клинтонду корголбогон электрондук почта аркылуу кат алышкандыгы үчүн сындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: