Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө саясий куугунтуктоолор жок экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 31-майда, Акмоло облусундагы саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелигине гүл коюп жатып айтты.
Назарбаев ал кездерде репрессияланган адамдар кармалган лагерлердеги катаал шарттарды эске салды. «Бүгүн андай нерселерди элестетүү кыйын, анткени биз таптакыр башкача мамлекет курдук. Жарандардын укуктары менен эркиндиги корголгон, Казакстанда саясий куугунтуктоолор, саясий туткундар жок», – деди президент.
Тарыхчылардын маалыматына караганда, сталиндик репрессиялар маалында Казакстанда кеминде 22 миң киши атылган. Андан сырткары жалпы өлкө боюнча атайын ачылган лагерлерге беш миллионго жакын советтик жаран жөнөтүлгөн.
Расмий маалымат каражаттары билдиришкендей, Акмолодогу эстеликке гүл коюуга репрессияланган адамдардын туугандары дагы катышты.
«Түндүк Африкада мамлекет кыйрап, эл 10-20 жыл артка кеткенин билебиз. Ал жакта кырсыктар, терроризм, адам өлтүрүү жана каракчылык өкүм сүрүүдө. Ошондуктан бизге эволюциялык өнүгүү керек, ошондо биз алдыга жылабыз, – деген Назарбаев элди өткөндү унутпай, учурдагыны баалоого чакырды.
Укук коргоочулар өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келаткан Назарбаевди жарандардын негизги эркиндиктерин жана азыркы бийлик менен макул болбогон адамдарды кысымга алууга айыптап, Казакстанда саясий негизде камалгандар бар экенин айтып келишет. Бийлик болсо саясий туткундар жок экенин белгилеп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ