Menu

КСДПдан кандай белектерди күтсө болот?

Бөлүшүү:

КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн Сооронбай Жзэнбековдун фигурасы эмдигиче талаш-тартыштуу болууда, бул анчейин маанилүү эмес, ошол эле мезгилде биротоло тактала электей көрүнүшкө окшошуп турат. Социал-демократтар партиясынан шайлоочулар дагы кандай белектерди күтүү керектигин анализдеп кердүк.

Сооронбай Жээнбеков маанилүү кызмат орундарын ээлеп келгендигине карабастан, ишинин жыйынтыгы көрүнө элек. Саясат таанучу Калнур Ормушевдин айтымында, өлкө түштүгүндө адам өмүрүнүн кыйылуусуна алып келген жакында болгон өзгөчө кырдаал Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда бир топ маселелерди чечпегендигин ачыкка чыгарды. “Ал 5 жыл губернатор болуп турду. Бул – президенттик мөөнөткө тете. Адам жашоосун кыйган жер көчкү облустун коомдук жана экономикалык абалы өзгөрүүсүз калганын көрсөттү. Ошондуктан анын өлкөнү кризистен чыгара алышын айтуу кыйын”,- деп эсептейт саясатчы.

Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулованын пикиринде, Жээнбеков чоң жетекчилик кызматта иштөөгө даяр эмес. “Бул адам элдин колдоосун ала турган талапкер эмес”,- дейт Сооронкулова.

Жада калса чет өлкөлүк серепчилердин айтымында, Кыргызстандын азыркы премьери – жакшы тандоолордон эмес. Маселен, орусиялык серепчи, саясатчы Никита Мендковичтин пикиринде, премьер-министр болуп иштеп турганда Жээнбеков белгилүү медиялык фигура боло албады, коомчулук аны саясатчы эмес, башкаруучу катары кабыл алат. “Анын потенциалдуу атаандаштары элге таанымал, бул айырманы жылмалоо кыйынга турат”,- деп эсептейт серепчи.

Анын көпшөктүгү – негизги кемчилиги. Президенттин мындай сапаты болбошу керек. Өлкө кыйын абалда турганда ага эрктүү жана кайраттуу лидер керек. Анын тышкы түнттүгү жана харизмасынын жоктугу да саясатчы жөнүндө жакшы пикир калтырбайт. Мунун баары биригип келип, ага жеңүүгө мүмкүндүк бербейт.Бул Жээнбековдун пайдасына упай бербейт.

Саясатчы Марс Сариевдин оюнча, КСДП партиясы шайлоодо эки талапкерин жылдырат. Экинчи талапкер катары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековду айтышууда. КСДПнын алмашпаган лидери Чыныбай Турсунбековду партиялаштары да, шайлоочулар да колдойт. Ошондуктан элге таанымал саясатчыны талапкер кылуу логикага жатат. Бүгүн өлкөгө саясий күчтөрдүн башын бириктире алган лидер керек. А Турсунбеков Жээнбековдон айырмаланып, бул иш колунан келээрин далилдеп берди.

КСДП партиясынан өкмөт башчысынын талапкерлигин президенттикке жылдыруу партиянын жалпы съездинде бекитилиши керек. Ошондуктан бийлик партиясынан биротоло бекитилген талапкери тууралуу сөз кылуу али эрте. Албетте, социал-демократтарды көпчүлүк кыргызстандыктар колдой турганы айтылып келе жатат. Ошентсе да КСДПдан ким талапкер болору шайлоодо маанилүү роль ойномокчу.

Булак:”Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: