Menu

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Башкалары балакай, а Пирматов коррупциянын пириби?”

Бөлүшүү:

Баш сөз ордуна

Курманбек Бакиевдин командасынан топтолгон «Бир Бол» фракциясынан Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголгондон кийин бүдөмүк суроолор ачыкка чыкчудай болуп турат. Маселен, бул экөөнө караганда да мамлекетке чоң зыян келтиргени боюнча айыпталган, «коррупциянын пири» катары сүрөттөлгөн Исхак Пирматовдун кечээги шектүү ишмердиктери көз жаздымда кала береби?

Же таянган «крышасы» чоң болсо эле суудан кургак чыккандай образын унутуп коёбузбу? Албетте, унутулбайт! Эмесе, 2012-жылы башкы прокуратура тарабынан коррупциялык ишмердиги боюнча айыпталган Пирматов бейнесин Өмүрбек Текебаевдин андагы сөзү менен ортого салалы. Бул макала ошол кезде ММКларга чыккан, биз айрым жерлерин кыскартуу менен берели.

Исхак Пирматовду неге айыпташууда? Мамлекеттен миллиондорду уурдоого шарт жараткан коррупциялык схеманы түзгөндүгү үчүн айыпталууда. Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын байлыгы арзыбаган баага ар кыл схемалар аркылуу сатылып келген. Бүгүн прокуратура тарабынан мындай масштабдагы схема алгач ирет ачылып отурат.

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкармалыгын жетектеп турган Исхак Пирматов аталган ишканага жана анын 85 пайыз акциясына ээлик кылганы үчүн кыргыз мамлекетине миллиондогон зыян келтирген.

Башкы прокуратуранын сунуштамасында мындай айтылат: 2009-жылы Исхак Пирматовдун көрсөтмөсү менен «Кыргызнефтегаз» ААКсы А-80 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик майды сатууга атайын арзандатылган бааны бекиткен. Кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын баасында, «Кыргызнефтегаз» ААКсына келтирилген зыян 600 миллион сомду түзөт. Исхак Пирматовдон олчойгон жеңилдик алган бул эмне деген компания?

«Кыргызмунай» ЖЧКсы В.В.Слесарев (ага 80 пайыз акция таандык) жана Д.М.Абышкаев (20 пайыз акцияга ээ) тарабынан 2009-жылы 29-январда түзүлөт. Жаңы ишкана түптөлгөндөн бир нече күн өтпөй эле Исхак Пирматов жетектеген «Кыргызнефтегаз» ал менен күйүүчү майды арзандатылган баада – литрине 9 сомдон сатуу боюнча келишим түзөт. Ал жылы «ГазпромнефтьАзия» бензиндин литрин 23 сомдон (орточо баасы) сатчу.

Эмнеликтен И.Пирматов «Кыргызмунайга» бензиндин ар бир литрин 14 сомго арзандатып саткан? Балким, «Кыргызмунай» ЖЧКсынын эки негиздөөчүсү тең -В.В.Слесарев жана Д.М.Абышкаев «Кыргызнефтегаз» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгондугу үчүн болуп жүрбөсүн?..

Мамлекетти миллиондоп тоношту. Баардык далилдер бар!

1. Депутаттык комиссия эсеп палатасынын инспекторлору М.Сакиев жана Т.Сыдыков түзгөн актыга таяп, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын бензини өздүк наркынан жогору сатылган, анын өздүк баасы 5 сом 26 тыйындан болгон» деп белгилөөдө. Андай шартта «И.Пирматовдун аракеттери мамлекетке зыян алып келген эмес» деген бүтүм жаралат. Бирок, анда эмнеге ушул эле ишкананын Пирматовго чейинки жана кийинки жетекчилери бензинди 2008-жылы литрин 9 сомдон эмес, 20,9 сомдон, ал эми 2010-жылы 25,29 сомдон сатып келишти? Алар эмне, Пирматовчолук акылдуу эмеспи? Жок, алар өздөрүнүн түз милдетгерин гана аткарышкан. Басымдуу пайызга ээлик кылган мамлекет ишкана жетекчисин неге дайындайт?

Ишканага «чычканга кебек алдырбай, максималдуу пайда алып келсин» деп кызматка коёт. Элдин байлыгын тааныштарына, туугандарына, досторуна арзан баада сатып, өзү байысын дебейт. Экинчиден, И.Пирматовдун тарапкерлери 2009-жылы «Кыргызнефтегаздын» бензининин баасынын төмөндүгүн анын сапатына байланыштырат. Анда эмнеликтен ошол эле бензинди саткан «КыргызПетролеумКомпани» жабык акционердик коомунда мындай болгон эмес? Ошол эле учурда, башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын бензини дүйнөдө ири суроо-талапка ээ болчу. Анын сатып алуучулары: эмнеге И.Пирматов мындай эл аралык суроо-талапка ээ болгон «Кыргызнефтегаз» бензинин арзыбаган баада сатты?

2. Исхак Пирматов «Кыргызмунай» ЖЧКсына болуп көрбөгөндөй арзан бензин менен эле эмес, болуп көрбөгөндөй төмөн пайыздагы насыя менен да көмөктөшкөн. 2010-жылдын 5-февралында «Кыргызнефтегаз» ААКсы Исхак Пирматовдун жетекчилигинде «Кыргызмунай» ишканасына күрөөсүз (!) жылына 4 пайыздык төлөм менен 1 миллион долларды насыяга берген. Башка бардык банктарда эң төмөн ставка 20 пайыздын деңгээлинде турганда кайдан мындай берешендик?

7-апрелден кийин да алардын «эки тарапка тең пайдалуу кызматташуусу» токтогон эмес. Азыркы тапта Василий Слесарев Сотторду тандоо кеңешине «Республика» партиясынын квотасы аркылуу мүчө. Ал эми И.Пирматов аталган фракциядан депутат.

Ооба, эсеп палатасынын инспекторлору И.Пирматовдун аракеттеринен мамлекетке зыян келтирилбегендигин таап жатышат. Бирок сурагым келет, акыркы 20 жылда эсеп палатасы бир коррупциялык схеманы таап, атап чыктыбы? Мындай эч кимдин эсинде жок. Бирок бүт Кыргызстан «боз» схемалар аркылуу миллион жана миллиард долларлар уурдалгандыгын билет. Демек, эсеп палатасына ишенсек, Кыргызстанда коррупция жок. Буга ким ишенет?

Ошондой эле депутаттык комиссия кылмыш курамы жеке коомдук айыптоо экенине карабастан, аталган ишканага ээлик кылган мамлекеттик мүлк фондунан келтирилген зыян жана анын көлөмү туурасында тиешелүү органга арыз түшпөгөнүн белгилейт. Комиссия КР кылмыш кодексинин 173-беренесине таянат. Анда «коммерциялык уюмга келтирилген зыян боюнча кылмыш иши ушул уюмдун же анын макулдугу менен козголот» деп көрсөтүлгөн. Бирок комиссия ушул эле берененин «мындай иш башка уюмдардын, жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген болсо, кылмыш иши жалпы негиздерге таянуу менен жүргүзүлөт» деп белгиленген 3-пунктун эске албаган. И.Пирматовдун аракеттери «Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкы кожоюну болгон мамлекетке зыян келтирди, бул иш дал ушул пункт менен каралышы кажет.

Башка бир собол жаралат. «Республика» партиясынын өкүлү башкарган мамлекеттик мүлк фонду эмнеге кылмыш ишин козгоо боюнча башкы прокуратурага кайрылган жок? Айтмакчы, ал кездеги премьер-министр А. Атамбаев башында турган өкмөт башкы прокуратурага бул иш боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тыянагын жөнөткөн. Ишканага ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ААКсынын директорлор кеңеши оозеки да, жазуу түрүндө да президентке, өкмөткө, башкы прокуратурага бир канча ирет кайрылган.

3. Ошондой эле башкы прокуратура бургулоочу жабдыкты алууда «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен «Юнитрейд компани» ЖЧКсынын (КЭР) ортосунда түзүлгөн келишимде да мамлекетке зыян келтирилгендигин белгилейт. 2011-жылдын 3-июнунда өкмөт тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын эсеби боюнча, аталган келишимди ишке ашырууда Кыргызстан 24 миллион АКШ долларына зыянга учураган. Башкы прокуратура бул келишим башка бир келишимди жашыруу аракетиндеги жасалма аракет экендигин көрсөтөт.

Чет өлкөлүк өңдөнгөн «Юнитрейд Компани» иш жүзүндө Жаныбек Атакозиев тарабынан түзүлгөндүгү аныкталды. «Эл аралык» ишкананын кеңсеси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Автобаза көчөсүндө №8 үйдө жайгашкан. Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту И.Пирматовдун жетекчилигиндеги «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен Ж.Атакозиевдин башкаруусундагы «Юнитрейд Компани» ЖЧКсынын ортосундагы келишимди жокко чыгарды. Бул кылмышты айгинелеген баардык документтерди башкы прокуратура сунуштады. Урматтуу депутаттар, «боз» схеманы ачкан фактылар көз көрүнөө.

4. Депутаттык комиссия И.Пирматовго карата кылмыш ишинде саясый түс жок экендигин тааныды. Бул адилеттүү бүтүм. Бирок, депутаттык комиссиянын 2-3-пункттары менен макул болуу мүмкүн эмес. Анткени депутаттык комиссия сот эмес, адамдын айыптуу же айыпсыз экендигин аныктай албайт. Кеп анын кол тийбестигин алуу жөнүндө гана жүрүп жатат. Эгер Исхак Пирматов чындап эле күнөөлүү эмес болсо, анда муну сот чечсин. Коррупциялык иштерибизди депутаттык кол тийбестик менен жашырсак, эч кимибиз элдин ишенимине жана колдоосуна ээ боло албайбыз.

Коррупционерлерди жазалоого эркибиз жана бекемдигибиз жетпесе, анда коррупция менен күрөшүүнүн мааниси барбы? Өзүңөр чечкиле. Бирок адамдар баарын көрүп, баарын түшүнүп турганын унутпагыла.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: