Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. 1-2-ююнда эки күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жумуш сапарынын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ычык-Көл районундагы Балыкчы-Корумду автожолунун курулуш менен таанышып, аймагына мугалимдерге ден-соолукту чыңдоочу комплекс курула турган «Асыл» пансионатына барат.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияга барат.
2-июнда Өкмөт башчы Каракол шаарына барып, ички жолдордун абалы менен таанышып, «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү ишканын ишмердүүлүгүн көрөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Пристань-Пржевальск айылындагы жээктерди тосуу иштеринин жүрүшү, суу тундурманын курулушу, ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы суу жээгин бекемдөө иштерин көрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ