Menu

Өкмөт «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар» тууралуу Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Орозова К.Б., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Примов У.Б., Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Артыкбаев О.М., Осмонова А.Ш., Мусабекова Ж.А. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар» тууралуу Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун жактырды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган мыйзам долбоорунун оң корутундусуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү боюнча башка балдар менен жакыр үй-бүлөлөргө жөлөк пул дайындоо жана пенсиядан тышкары, үй-бүлөлүк киреше даражасына карабастан, белгиленген өлчөмдө балдары бар үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар иштелип чыккан:

– бала төрөлгөн учурда бала төрөлгөндүгүнө байланыштуу бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул «балага сүйүнчү»;

– төрөлгөн 3 жашка чейинки балдарга –  3 жашка чейинки баланы кароого ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул «эне-балага жөлөк»;

– 3-16 жашка чейинки үч же андан көп баласы бар үй-бүлөлөр үчүн – 3-16 жашка чейинки үч же андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул «үй-бүлөгө көмөк».

Мыйзам долбоорун кабыл алуу төмөнкү багыттарга мүмкүндүк берет:

– республикада жашаган балдардын абалын жакшыртууга, пенсия алган улгайган жарандары  жана балдары бар үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө;

– жакырчылыкта жашаган балдарды мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздоону жогорулатууга;

– балдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн киреше даражасына карабастан, мындан ары дагы жогорку сапаттуу жана атаандаштыкка кудуреттүү болуп эрте өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү;

– жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөп берүүдө паракорчулуктун тобокелдиктерин жоюу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: