Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда 1-2-июнда Административдик-процесстик кодекс боюнча, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун экономикалык жана административдик иштерди караган судьялар үчүн эки күндүк тренинг өтүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз катчысы билдирди.
Иш чаранын катышуучулары программа боюнча төмөндөгү темалар менен таанышмакчы: “КР АПКнын ролу, багытталышы жана систематикасы”, “Объективдүү тергөөнүн принциптери”, “Административдик иштердин сотко жана ведомствого караштуулугу”, “Доо-арызды камсыздоо. Административдик доо-арыздардын түрү”, “Соттук териштирүүгө ишти даярдоо”, “Соттук териштирүү”, “Далилдерди изилдөө”, “Чечим чыгаруу”, “Даттануу жана соттук актыларды кайра кароо” ж.б.
Окутуу КРнын Жогорку сотунун демилгеси жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоору жана “Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” программасынын колдоосунда ишке ашууда.
Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси ушул жылдын 1-июль күнүнөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ