Menu

КСДП Мусабекова маселесин кароодон качууда

Бөлүшүү:

Апрель айынын соңунда интернетке КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова ал тууралуу сын материал жарыялаган «Алиби» коомдук-укуктук гезитинин кабарчысы Үпөл Анаркулованын ар-намысына, абийирине шек келтирип, телефондон “10 эркекке салып берип зордуктатам” – деп коркутканы жарыяланган.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат агенттиктерине “Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары бизди шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат”, -деп билдирген.

12-майда Үпөл Анаркулова Жылдыз Мусабекованын коркутуп, мазактаганы боюнча президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, КСДП фрак­циясынын лидери Иса Өмүркуловго, Жогорку Кецештин Этика жана регла­мент боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодурановага, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго кайрылуу жасаган.

Кайрылууда “КСДП фракциясынын өкүлү Жылдыз Мусабекованын журна­листке, дегеле жөнөкөй жаранга карата мыйзамды тебелеп, зомбулук мамилесине өзүңүздөр баа берсеңиздер. Өлкө башчылары катары сиздер бул маселеге кайдыгер карабашыңыздар керек деп эсептейм. Мусабекованын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат- Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым.Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын ушундай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык болуп саналат. Ошондуктан, Ж.Мусабекованы алган наамдарынан ажыратуу маселесин карап чыгууңуздарды суранам” – деп жазылган.

Бизге белгилүү болгондой, КСДП фракциясынын 12- жана 19-майдагы жыйындарында депутат Жылдыз Му­сабекованын маселеси каралган жок. Анткени, Ж.Мусабекова ооруп калганын шылтоолоп отурумга келген эмес. Бирок, ошол эле мезгилде, биздеги маалыматтар боюнча депутат айым оорубай-сыркабай эле, Нарын менен Бишкекти аралай чаап жүргөнү маалым. Ж.Мусабекованын жүрүм-турумун кароо маселеси боюнча аталган фракциянын катчылыгына кайрылсак, Мусабекованын дагы деле ооруп жатканын айтып, 2-июнь күнү анын маселеси карала турганын кошумчалады. Андай болсо Ү.Анаркулованы жана “Алиби” гезитинин редакциялык жамаатын, ММК өкүлдөрүн кошо чакырууну суранып, “эмне үчүн маселе ачык каралбай жатат?” деген суроого “фракция лидеринин өзүнөн сурагыла” – деген жооп узатышты.

Ж.Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени парламенттин тийиштүү комитети карабай, фракцияга карай тоголоткон. Ушул жылдын 23-майында Жо­горку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитети журналисттин кайрылуусун Фракциянын кароосуна жөнөткөн. Комитет жетекчиси Асел Кодуранованын (КСДПчы) колу коюлган катта “депутаттык этика кодексине ылайык депутат өзүнүн сөзүндө орой, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбошу, одоно сөздөрдү айтпашы, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө коюуга, билип туруп жалган маалыматты пайдаланууга жана мыйзамсыз иш-аракетке чакырууга жол бербеши керек” деп белгиленген. Каттын мазмунуна таянсак, Комитет депутаттын оозго алгыс сөздөрүндө “орой, кемсинтүүчү” жана “одоно” сөздөрдүн бар экенин тастыктаган. Бирок, “Карга карганын көзүн чукубайт” болуп, Комитет да бийликчил фракция депутатынын күнөөсүн жеңилдетип, бири-бирине “пас” берип, акырындатып отуруп маселени тумандатып жок кылуу максатын койгондой.

Буга чейин Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта каралаарын кабарлаган. Аталган басма-сөз кызматына байланышка чыксак: “Биздин башчы чогулушка кирип кетиптир. Сиздин маселе каралып жатат. Эгер жообу болсо өзү сиздер менен байланышат. Бирөө жыйында, бирөө чогулушта. Жоопту биз өзүбүз чалып, айтып коёбуз” – деп гана тим болду.

Карыядан кат

Мен “Супер” инфо гезитинин №757 номеринен депутат Жылдыз Мусабекова менен Үпөл Анаркулованын урушканын окуп алып жүрөгүм барча-барча тилинип кетти. Эй, айланайындар! Мен 91) жашка чыгып, мындай окуяны окуган эмес элем. “10 эркекке салып бе­рем, ж*л*п, проститутка, бетиңди тилип, к*түңө теңеп коём” -дегени депутат айта турган сөз эмес. Ошол окуяны урук-туугандары, ата-энеси укса кандай болот? “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” – деген сөз бар. “Оозум бар” – деп сүйлөгөн болбойт. Үпөл кызым бечара, канча жылга чейин өзүн жоготуп жашайт эми. Депутат элдин адамы, бул сөздү көчөнүн аялдары айтышы мүмкүн. Ж.Мусабекова: “Мен Үпөл менен сүйлөшкөм. Андай сөздөрдү айткан эмесмин” – деп жатат. Эгерде Ж.Мусабекова ал сөздөрдү айт­кан эмес болсо, экөөнүн ортосуна от жаккан адамды сотко бериш керек. Моралдык жана материалдык жактан Үпөл Анаркуловага от жаккан адамдан айып пул төлөтүп бериш керек. Эми көп жылга чейин Үпөл кызым кантип жашайт, давление болуп? Мындай сөздү окусам каным кайнап кетет. “Буттан чалынган турат, ооздон чалынган турбайт” -де­ген накыл кеп бар. Үпөл кызым, айланайын! Оор бол. Ак ийилет, би­рок сынбайт. Аныгы чыгат. Менин атам “душманыңа да жакшылык кыл, кийин өзү уялып калат” -деп үйрөткөн. Мен аксакалдык кеңешимди жазып койдум.

Менин ушул кол жазмамды “Али­би” коомдук-укуктук гезитине жарыялап коюшуңарды суранамын деп, 90 жаштагы карыя

Бишкек шаары, Кызыл-Аскер рну

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: