Menu

Атамбаев Ооганстан Президенти Ашраф Ганиге жана Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев Кабул шаарында болгон террор актысынын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт», – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө алардын аза кайгысын тең бөлүшкөн көңүл айтуусун, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганын билдирди.

Жана ошондой эле Атамбаев 2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Президенти  Режеп Тайип Эрдоганга да көңүл айтты.

«2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан бул кыйроонун кесепетинен жакындарынан айрылгандарга чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду билдирип коюуну өтүнөм», – деп айтылат Президенттин Эрдоганга жолдогон  телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: