Menu

Ала-Букада катуу жааган жамгырдын кесепетинен айрым жерлерди суу каптады

Бөлүшүү:

Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

2017-жылдын 1-июнь күнү КР ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМ Мониторинг департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн.

Ак-Башат сел сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы  эгилген бак дарактарын кулаткан.

Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин  жеп, эгилген  бак дарактарын алып кеткен.

Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп,  сайдан ашып, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптап (2006-жылы КР ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн) үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келген.  Ал турак үйдө учурда эчким жашабайт, көп жылдан бери кароосуз калган. 4 кожолуктун үлүш жерлеринин жээктерин сел суулары жеп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Өрүктү-Сай суусунун нугун буруу, түздөө жана сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылган, ага  райондук №17 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: