Menu

Каныбек Осмоналиев,профессор: “Кыргыз интеллигенциясы болбогон нерсеге алданып, бийликтин камчысын чаап жатат”

Бөлүшүү:

Кыргыз интеллигенциясынын коомдогу орду кандай? Эмнеден өксүп жатат? Дүйнө өлкөлөрүнүн интеллигенциясы менен кыргыз интеллигенциясынын айырмачылыктары эмнеде? Интеллигенция менен бийликтин байланышы кандай? Кыргыз парламентинин кайсы чакырылышында интеллигенттер активдүү боло алышкан? Партиялык система менен шайлоонун оош-кыйыштары эмнеде? Мына ушул маселелердин тегерегинде профессор, физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев менен сукбат курдук.

Интеллигенциянын ролу канчалык күчтүү болсо мамлекет ошончолук күчтүү болот

-Интеллигент өкүлү катары учурдагы коомубузга баа берсеңиз?

-Эгемендик алгандан бери эле көп мамлекеттердин контексинде карап көрсөк, заманбап мамлекетибизди кура албай келе жатабыз. Акаев, Бакиев, Отунбаева, эми азыркы бийликтин мезгилинде деле элдин мүдөөсүн аткарган бийликке жетпедик. Карапайым адамдардын мүнөздөрүнө, мүдөөлөрүнө бап келген функциялар аткарылбай келет. Баалуулуктар жоголуп, байлык, бийлик, акчага көз каранды болуп калдык.  Бийлик жана материалдык ресурстарды колдонуу менен байысак, бийликке келсек деп гана калдык.

-Коомубузда ага каршы турган күч жокпу?

-Ага каршы турган күч бул жарандык коом, элдин өзү болуш керек. Башмыйзамыбызда да “бийликтин ээси – эл” деп жазылып турат. Анын ичинде эң активдүүсү – биздин интеллигенция болушу керек. Кандай гана бийлик болбосун интеллектуалдык көрөңгөсүн биринчи орунга коюп, ага таасир этиши керек болчу. Тескерисинче, биздин интеллигенттер башын кумга сайып алышып, болбогон нерсеге алданышып, бийликтин камчысын чаап келе жатышканы мени өкүндүрөт. Мына акыркы кездери бийликте жаатташып, тирешип жатышат. Жылаңач саясатта эле эмес, экономикабыздын гүлдөп өнүгүшүндө да интеллигенция чечүүчү ролду ойнош керек болчу.

Биздин интеллигенттердин бийликке көз карандылыгына, чечкинсиздигине мисал келтирсеңиз?

-Мисалы, мамлекет “Кумтөр” кенинен түшкөн пайданын ондон бирин гана көрүп жатат. Илим, билим, маданият менен алектенген интеллигенция өкүлдөрү муну билип турат да. Илимий баа берилип деле жатат . Мен физик катары өз пикиримди айткам. “Кумтөрдөн” канча пайда түшөрүн билип туруп “казынага мынча акча түшүшү керек болчу” дешип талап кылышкандын ордуна кээ бир интеллигенттерибиз, анын ичинде геологдор ж. б. да бар “мөңгү ээрибейт экен, Нарын дайрасына эч нерсе агып түшпөйт ” дешип жүзүкаралыкка барышты. Андай интеллигентерди албетте бийлик колдонот да. Акаев, Бакиев, Отунбаева колдонду, мына эми азыркы бийлик да колдонуп жатат. Интеллигенциянын ролу канчалык күчтүү болсо мамлекет ошончолук күчтүү болот. Россияны эле алалычы. Орус интеллигенциясы президент Путиндин бетине эле айтып, амбициясын ооздуктап коюп эле жатпайбы. Путин эмне аларды кырып таштадыбы?! Батыш Европада, АКШда интеллигенция чечүүчү ролду ойнойт. Жакында эле Трамп обу жок указдарды кабыл ала баштады эле, АКШ интеллигенциясы Жогорку сотко чейин кайрылып, кайтарып алууга аргасыз кылды. Биздин бийлик деле андай указдарды чыгарып жатат. Бирок биздин интеллигенция үн катпады. Алтургай айрым маселелерди илимдин тилинде түшүндүрүп бергиле дегенде, билмемиш болушуп, качышып,  бир-бирине шылтоолошуп, Илимдер академиясы Юстиция министрлигине, Юстиция министрлиги Билим берүү, илим министрлигине шылтап, качып жүрүшөт.

Кыргызстан псевдоэксперттердин лабораториясына айланып калды

-Экономикабыздын өнүгүүсүнө интеллигенцияны тартыш үчүн эмне кылыш керек?

-Биринчи кезекте билим, илим, медицина системасын саясаттан оолактатышыбыз, саясатка таптакыр жолотпошубуз керек болчу. Европанын,Түштүк -Чыгыш Азиянын, АКШнын, Япониянын эң чоң куралы,күчү ушунда. Биз мектептерден бери саясатка аралаштырып, бүт баарын көз каранды кылып алдык. Билим, илим, медицина системасын саясаттан оолактатсак, алар эч кимге, эч нерсеге көз каранды болбой калмак. Мугалимден тартып академикке чейинкилердин бекем ордун аныктап, алардын көз карашы, ой-пикирлери депутаттарды, министрлерди, керек болсо президентти сестендире турган жагдайды түзүшүбүз керек. Ошондо гана бизде бири-бирин уккан коом түзүлүп Кыргызстан өнүгөт. Азыр биздин мамлекетте эч кимди эч ким укпайт. Дагы белгилеп айтам, айрыкча билим бери системасын саясаттан оолактатышыбыз керек. Ансыз коомубуз оңолбойт. Билим берүү системасы мышык ыйлай турган абалга келип калды. Билим бери системасы Кыргызстанда дүйнөдө жаны жок, билим берүүнүн псевдоэксперттеринин полигонуна, лабораториясына айланып калды. Каалагандай эксперименттерди жүргүзүп жатышат.

-Кыргыз парламенттинин кайсы чакырылышындагы интеллигенттерди баалайсыз?

-Коомчулук “Легендарлуу парламент” деп атап алган чакырылыштагы интеллигенттер активдүү болушкан. Ал чакырылышта интеллигенттер көп болгон. Алар А.Акаевдин бийликти узурпациялоосун токтотуп коюшкан. Акаев “менде бийлик калган жок, Англиянын королевасына окшоп калдым” дегенине карабай, 1993-жылы айтылуу Башмыйзамды кабыл алып коюшкан. Бийликтердин бири-бирин көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылышкан. Акаев кийин гана жаны жоктук кылып, митайымдык менен парламентти таркатып жиберип бүт бийликти узурпациялап алган. Ошондой эле нерсени Бакиев жасады. 2007-жылы октябрда Башмыйзамды өзгөртүүгө Бакиевге жол берилген эмес. Кийин оппозиция, интелгигенция дымып калганда декабрда өзүнө ылайыктаган Башмыйзамды кабыл алдырып алды.

-Президент менен интеллигенциянын мамилеси кандай болушу керек?

– Мында Кыргызстандын, жалпы эле чыгыш элдеринин менталитетин эске алып, биринчи кезекте президентибиз өзү толеранттуу болушу керек. Президентибиз керек болсо өзү интеллигенттердин күчтүү лагерин камсыз кылышы керек. Бул биринчи кезекте президенттин өзүнө жакшы болот. Абсолюттук бийликти өз колуна топтоп алгандын аягы эмне менен бүткөнүн көрдүк го. Тилекке каршы азыркы коом да ошол жакты көздөй кетип жатат. Бир гана оң жол – интеллигенцияны басынтпоо керек, аны тескерисинче көтөрмөлөө зарыл. Интеллигенция коомдун авангарды болуп, алдыңкы катарда туруп, коомду айыктыра турган даарыгерине айланышы абзел. Ошондо гана бийлик интеллигенциядан сестенип турат, тетири иштерге барбайт.

 6-чакырылыш мурда болуп көрбөгөндөй бийликке, акчага, байлыкка кулдук урган чакырылыш болуп калды

-Легендарлуу парламентти эске албаганда андан берки кыргыз парламенттинде көзгө көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрү болбой келет. Себеби эмнеде?

-Ооба легендарлуу парламентте интеллигенттер көп болгон. Коомдун алга жылышышында алар маанилүү ролду ойношту. Парламенттин андан кийинки чакырылыштарында деле интеллигенттер болуп келе жатат. Тилекке каршы парламенттин ал чакырылыштарында илим, билим, маданият менен шугулдангандар өз позицияларын билдире албай келишти. Айрыкча азыркы 6-чакырылышта олтурган интеллигент депутаттар. Учурдагы чакырылышта 10 чакты депутат олтурат. Алар кимдер экенин, аты-жөнүнөн өйдө билебиз. 6-чакырылыш мурда болуп көрбөгөндөй бийликке баш ийген, акчанын, бийликтин, байлыктын аркасынан жүгүрүп, аларга кулдук урган чакырылыш болуп калды. Жогору жактагылар бийлигине маашырланып, элдин кыжырын келтирип, жинине тийбеши керек. Аймактарга тынбай каттап, эл менен аралашып жүрөм. Азыр эл жакырланып, жаралуу арстанга окшоп калды. Бийлик оюнун токтотпосо, элди укпаса аягы жакшылык менен бүтпөйт. Бийлик “менин колуман баары келет” дегенин токтотушу керек.

-Партиялык система менен шайлоого көз карашыңыз?

-Партиялык система менен шайлоо дүйнөдө эң сонун, туура система. Биз аны амбицияга айлантып алдык. Партиялык системаны оюнчук катары көрүп келебиз. Анын негизги маңызын пайдалангандын ордуна ага баш ийдире турган механизмдерди биринчи орунга коюп койдук. Элибиз караңгы эмес, элибиз чыдамдуу. Бир мандаттуу деле системадан өтүп көрбөдүкпү. Аялы менен күйөөсү, баласы менен атасы сүйлөшпөй калбады беле. Партиялардын күчүн президент баш болгон бийликтегилер өздөрү камсыз кылышы керек болчу. Президент өзүнүн эле партиясын көкөлөтө бербеши керек. Япония менен Америкага чейин партиялык система эң сонун эле иштеп жатат. Бизде партияны чөнтөк партияга айлантып алышты. Мунун өзү кылмыш. Аны интеллигенция көзгө сайып көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы билмексен болуп олтурушат. Айталы, эмне үчүн партиянын атынан кандидатураларды райондук округдарга коюуга болбосун? Округдарга койгондо аларды эл таанып билмек, тандашмак. Ал эми бизде андай эмес. Биз жалпы эле тизмелештирип койдук да партиянын лидерлерине болгон бардык рычагдарды колдоруна карматтык. Алар болсо өз билген иштерин жасап, өздөрү каалагандай “талкан чайып” жатышат.

Маектешкен Дайырбек Мейманов

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: