Menu

Абдилла Андакулов, Март жана Апрель революцияларынын, Аксы окуясынын катышуучусу: “Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…”

Бөлүшүү:

Коомдо ушунчалык кемтерин, сырдуу инсандар бар.  Андайлар тарыхта кала турган өзгөчө манилүү иштерди аткарып койсо да мактанбай, унчукпай, элдин катарында жөнөкөй жашап жүрө беришет.   Ошто жашаган журналист Сабыр Буркашевди мен жогоркудай инсандардын катарына кошомун.     Себеби мен 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель революцияларына өзүм катышып, эң оор кырдаалдарда журналист Сабыр Буркашевди карапайым элдин арасында кызуу иш үстүндө жүргөнүнө күбө болгонмун. Өзүнүн чыгармачылык кесибине чын дилинен берилгендиктен ар кандай кыйын шарттарда да элдин мүдөөсүн коомдогу абал менен айкалыштырып,  массалык маалымат караражаттары аркылуу калыс чагылдырып тургандыгы азырга чейин калкыбыздын эсинде.

Журналист Сабыр Буркашев  биринчи болуп Жалал-Абад шаарынын негизделиши жана анын шаар катары түптөлүшүнө себепчи Мурзакул болуш тууралуу тарыхый китепти жазган. Ал китеп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты   Асилбек Жээнбековдун демөөрчүлүгү менен 1993-жылы он миң тиражда басылып чыккан. Кокон, Ташкент, Маргылан жана башка шаарлардагы мамлекеттик архивдерди изилдеп, жазылган ушул китептин негизинде Жалал-Абад шаарында бир нече жолу эл аралык илимий –практикалык конференциялар уюштурулуп, бул жерде Мурзакул болуштун айкели орнотулган.

2004-жылы «Мекен астанадан башталат» деген публицистикалык чыгармасы үчүн журналисттердин арасында  Алтын калем сыйлыгынын лауреаты болгон.

2014-жылы  кыргыз журналисттеринин арасында биринчи болуп мындан жүз жыл мурда астрономия, алгебра, геометрия жана Ислам философиясы боюнча илимий эмгектерди жаратып кеткен Молдо Кошбак тууралуу китеп жазууга жетишти. Буга чейин бул киши тууралуу биздин тарыхчылар такыр билген эмес. Журналист Сабыр Буркашев  дайыма тынымысыз изденгендиктен эч ким жазбаган, байкабаган актуалдуу темаларды көтөрүп чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул китеби да көптөгөн окурмандардын арасында кызыгууну ойготуп, жогорку окуу жайларда жолугушуулар уюштурулду.

Айрыкча 2010-жылы апрель революциясында С Буркашев активдүү катышкандыгын өз көзүм менен көрүп жүрүп, ал чыныгы элдин журналисти экендигине ынанганмын. Сабыр ошол мезгилде «ЭлТР» телерадиокампаниясынын Жалал-Абад областы боюнча редактору болуп эмгектенчү эле. Жалал-Абад областындагы революциялык кыймылдарды, карапайым элдин ой-талаптарын  Сабыр  ушунчалык оперативдүү жана калыс чагылдырып турчу эле. Биз революционерлер анын журналисттик калыс позициясына жана кесиптик чеберчилигине өтө жогору баа берип, ошондо эле бул жигитке алкышыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз.

Кыйладан бери жүрөгүмдү өйүп келаткан ушул темага кайрылып калган соң дагы бир эсте каларлык тарыхый окуяны айта кетейин. 2010-жылдын июнь айында улуттар аралык жаңжал чыгып, Сузак жергесинде ок атылып турган эң оор кырдаалдарда  Сабыр Буркашев журналисттик кайраттуулугун иш жүзүндө далилдеп койгон.  Себеби убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү генерал-лейтенант Исмайил Исаков, Азимбек Бекназаров Сузактын кире беришиндеги айлампа жолдо журналисттерди күткөндө жалгыз ушул Сабыр Буркашев  видеоаппараты менен  жетип  барган.  Исаков менен Бекназаров жалгыз ушул тележурналист менен  эң кооптуу абал өкүм сүрүп турган Сузакка кирип чыгышкандыгын унутуп коюшпагандыр. Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Бакыт Алымбековдор журналист Буркашевди Жалал-Абад  жергесинде эң оор кырдаал өкүм сүрүп турган учурларда да   өтө кооптуу участкаларда иш үстүндө көрүп, кызматына ыраазы болуу менен жылуу мамиледе жүрүшкөндүгүн мен жакшы билемин.  Кийинчерээк абал турукташып, тынчтык орной баштаганда адаттагыдай эле мурда такыр көрүнбөгөн журналисттер пайда боло берди.

Жергебизде тынчтык орноп, журналисттер сыйлана баштады. Ошондо да Сабыр сыйлыкка умтулбады, тааныш, тууган издебеди. Бирок мында генерал лейтенант Исмайыл Исаков чыныгы калыстык позициясын жана чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Жалал-Абад облусундагы чоң жыйында ал эң оор кырдаалдарга карабай кооптуу жерлерде жалгыз Сабыр Буркашевди кызмат үстүндө көрүп жүргөндүгүн эскере айтып, аны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин медалы менен сыйлады. Ушул жыйында катышып отуруп бул журналисттин эрдигине мен да сыймыктана алкыш айтканым азырга чейин эсимде.  Журналисттик эрдиги үчүн төшүнө медал тагынган С.Буркашев эки жумадан кийин эч кандай негизсиз кызматтан бошотулган. Ушунчалык адилетсиздиктин курмандыгы болсо да Сабыр азырга чейин эч кимге арызданбай, эч ким жөнүндө жаман сөз айтпай, же оппозиционер болбой жалгыз өзүнүн таза жан дүйнөсү, чыгармачылыгы менен жашап келүүдө.

Азырга чейин ушундай замандашымды кесиптик тармагына кызматка жакындатпай келаткандыгына өкүнөмүн. Көрсө, ал өзбекстанда төрөлгөн экен.  Кызматка  баруу үчүн анын жердеши да, тууганы да жок экен бул жерде. Мына сага, коомдогу адилетсиздик! Жок дегенде журналистика тармагында адилеттүүлүк болсо керек деп туура эмес  ойлоп жүрө бериптирмин. Кээде ойлонуп, таң каламын. Адилетсиздиктин курмандыгы болуп, укугу басмырланган кесиптешинин аянычтуу абалын башка журналисттер көрүшпөйбү? Мен муну абдан иликтеп, анализдеп көрдүм. Алар көрсө да, жазууга дарамети жетпейт экен. Мына ошондуктан  кыйынсынган журналисттерибиз жаза албаган чындыкты мен өзүм жазып салдым. Себеби мындай адилетсиздике азырга чейин менин инсандык абийирим, ыйманым ушунчалык кыйналып келүүдө. Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…

Абдилла  Андакулов, 2005-жыл Март жана 2010-жыл Апрель  революцияларынын, Аксы окуяларынын  катышуучусу.

Ош областынын Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: