Menu

Темирбек Асанбеков: “Күздөгү шайлоодо калыстык болбосо чатак чыгат”

Бөлүшүү:

Белгилүү саясатчы, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков “Алибиге” ат жалынан маек берип, учурдагы көйгөйлөрдү камтыган азыноолак ойлорун ортого салды.

-КСДП партиясы президенттикке СЖээнбековдун талапкерлигин көрсөттү. Муну бийликтин мурдатан ойлонулган кадамы деп кароого болобу?

-Азыркы бийлик институттарын кармап турган саясий партиянын өкүлдөрү эч качан саясий мүмкүнчүлүктөрүн өз эрки менен өткөрүп бербейт. КСДП партиясы саясий-экономикалык, социалдык убадаларды жарыялашып, бийлик бутактарынан өз орундарын табышкан. Эгерде КСДП партиясы азыркы саясий-экономикалык кырдаалды эске албай, саясий оппоненттери менен алдын ала ич ара келишимдерин аныктабай, административдик күчтөрдү колдонуу жана шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо амалы аркылуу бийликке келишсе, Кыргызстан өтө оор саясий кырдаалга келип такалат.

Анткени, 2011-жылы шайлоо мезгилинде курулай убадалар менен карапайым элди алдап, бийлик бутак­тарынан мүмкүнчүлүк алган партиялардын жетекчилери да өзүлөрүнүн саясий популярдуулугун эл ишеними менен адаштырып жатышат. Кезектеги саясый амалдарын колдонуу менен, ушул күздө боло турган шайлоодо жеңип чыгууну эңсешүүдө. Бирок, кимиси келбесин, мамлекет институттарынын иштөө эрежеси түп тамыры менен жалпы улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытына негизделмейин Кыр­гызстан эч качан өнүгө албайт.

Мамлекетибиздин көп жылдан бери чогулган коомдук маселесин, жалпы калк, көпчүлүк саясий уюмдар кабыл ала турган реалдуу саясий-экономикалык, социалдык программанын негизинде гана ишке ашырууга мүмкүн. Мына ушул маселелерди КСДП пар­тиясы эске алып, терең түшүнүү менен туура саясий чечимдерге келсе, саясий сабырдуулукту көрсөтө алса га­на Кыргызстанда саясий туруктуулук улантылат.

-Депутат Алмамбет Шыкмаматов “мамлекетке миллиондогон чыгымм алып келгендер ээн-эркин басып жүрушөт, ал эми чындыкты бетке айтканды заматта “коррупционер” жасап коюшат” – деген оюн билдирди. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Азыркы учурда “капчыктуулардын” бардыгынын өз сыналгылары, гезиттери бар. Ошондуктан, жеке адамдарды шыбап, каралап көрсөтүүнү адатка айландырып алышты. “Чындык” дегенибиз менен, эч ким бетке айтып, таза иштеп бергенин көрсөтө алган жок. Бийлик ачык айтып жаткан саясатчыларды куугунтукка алганынанбы, айтор, кооптонуу бар. Саясатка жамынып алып, өзүлөрүнүн бизнесин, жеке иштерин жүргүзгөн эки жүздүү, жалган саясатчыларды бийлик институттарынан алыстатып, бийлик менен бизнести ажыратканда гана коррупция токтолот.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: