Menu

Сепаратист К. Батыровду качырган УӨ мүчөлөрү июнь окуясы боюнча жоопкерчиликке тартылабы?

Бөлүшүү:

Каргашалуу июнь коогалаңынын болуп өткөнүнө жети жыл убакыт толду. Албетте, бардык ооруну, жараатты убакыт деген нерсе дарылайт деп айтып келебиз. Туура, дарылайт. Бирок, жоготуулар, жалп этип өчкөн өмүрлөрдү эч качан кайра аркага кайтарып келе албайбыз. Аттиң дүйнө, жетим калган балдардын, жесир калган аялдардын, балдарын жоготуп сыздаган энелердин көкүрөгүндө калган кайгы-муңун биротоло жууп-тазалап кетирүү мүмкүн болбосо керек. Мына ушундай оор кайгыны элибизге алып келген сепаратист Кадыржан Батыров болгонун жамы журтубуз жакшы билет.

Ысымы аталган сепаратисттин чырагына май тамызып, «Сен бизге мындай жардам берсең, биз сага тигиндей жардам кылабыз» деген убадаларды катыра берген саясатчылар да болгону убакыттын өтүшү менен ачыкка чыгууда. Дагы тагыраак айтсак, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана анын айрым мүчөлөрү К. Батыров башында турган өзбек улутундагы сепаратисттердин тобуна «жаңы өкмөттүн курамындагы 3-4 министрди өзбек улутундагылардан кылабыз, премьер-министрликти да өзбек улутуна беребиз» деген убадаларды катыра беришкен экен. К. Батыровдун өзүнө транспорт министрлигин да сунушташканын өзү маалымат булактарынын бирине билдирген.

Андан соң май айында Жалал-Абаддагы Тейит айылында Бакиевдердин үй-мүлктөрү талап-тонолуп, аягында өрттөлгөн. Бул ишке К. Батыровдун жарым-жартылай куралданган 500 чамалуу адамдары менен бирге «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иниси, маркум Асылбек Текебаев жана дагы бир нече «ата мекенчилер» катышкан. Ошондон кийин өлкөбүздүн түштүк аймагында эки улуттун ортосундагы нааразычылыктар тутана баштаган. К. Батыров жалаң өзбек улутундагы мекендештерибизди топтоп алып, өз алдынча автономия алабыз деп күпүлдөп сүйлөп атканын да видеотасмалардан көргөнбүз.

Мына ушундайча бир тууган эки улуттун ортосуна от жагып, аны тутантып салган К. Батыров көп өтпөй Кыргызстандын чегинен сырткары качып кеткен. Адегенде аны ким качырганы көпчүлүк үчүн табышмак эле. Бирок, убакыттын өтүшү менен аны качыргандар ким экени айтыла баштаган. Ошондой күбүр-шыбыр кептердин чындык экенин К. Батыров өзү өткөн жылы «Азаттыктын» өзбек кызматына берген интервьюсунда айтып берген. «20-майда эртең менен Исаков менен Алимбеков автоунаада университетке келишти. Булар Отунбаеванын атынан ачык айтышып, бакиевчилер Убактылуу өкмөттү колдоп жаткан кыргыз улутундагылар артында ажырым пайда болгонун, алар Батыров жок болсо бириге турганын айтып, Убактылуу өкмөткө кошула турган шарттарын ачык айтканын билдиришти. «Сиз убактылуу чыгып туруңуз, 3-4 күндүн ичинде алардын башын бириктирип, тынчтык болгондо сизди кайра чакырабыз. Ишти мурдагыдай алып кете бересиз» деп убада беришти», — деген ал. Батыровдун айтымында аны сыртка чыгып турууга Отунбаеванын атынан Исмаил Исаков, Бакыт Алимбеков жана Алишер Сабиров үндөгөн.

Ошондо Убактылуу өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева жана анын мүчөсү болуп саналган И. Исаков чыныгы сепаратистти өз колдору менен, өз өтүнүчтөрү менен качырып жиберген болуп жатабы? Анан качырып алышып, кайра ага издөө салып коюшканын кандай кылабыз? Бул эл көзүнө “мына коогалаңды уюштурган сепаратистти издеп атабыз” деген ишаарат болуп калган болобу? Айтор, июнь коогалаңынын болгонуна 7 жыл убакыт өттү. Бирок, анын башкы күнөөкөрү К. Батыров дагы деле сыртта ээн-эркин сайрандап жүрөт. ЕККУнун жыйынына да чыгып сөз сүйлөп, Кыргызстанды жамандоодо. Ага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Отунбаева жана анын командасына кандай чара колдонулушу керек?

Булак: “Багыт.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: