Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
29 майдан июнь айынын 4-күнүнө чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2154 кылмыш иши катталып алардын 1801 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 526 факты катталып, анын 327 кылмыштын бети ачылса, 75 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 216 кылмыштын бети ачылган.
Тоноочулук боюнча 7 кылмыш ишинин бети ачылса, 1 денеге залал келтирүү, 19 зордуктоо, 236 алдамчылык, 62 уурулук, 1 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 124 кг. 607 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ