2017-жылдын 2-июнунда Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө митинг уюштуруп, бактарды кыюуну токтотууну талап кылып, Токтоналиев көчөсүндө жолду тоскон 10 адамга карата административдик материалдар келип түшкөндүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирет.
Ошол күнү, 2-июнда сот иштерди карап, анын жыйынтыктары боюнча бардык укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 29-беренесин колдонуу менен токтомдорду чыгарган. Администрациялык жаза-чара катары эскертүү түрү чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ