Menu

Видео – Текебаевдин соту 8-июнда уланмай болду

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 8-июнда уланмай болду. Мындай чечимди бүгүн ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек кабыл алды. Ошондой эле судья кийинки сот отурумунда видеого тартууга уруксат жок болорун айтты.

Бүгүнкү алгачкы отурум ачык өттү. Сот залындагылар жараянды интернеттеги жеке баракчалары аркылуу түз көрсөтүп жатышты.

Адвокаттар иш менен таанышканга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин жүйө келтирип, кошумча убакыт берүүнү соттон өтүнүштү.

Текебаев да президент Атамбаев иш май айында сотко өтөт деп айткан сөзү менен тергөөгө көрсөтмө берген деген пикирин айтты жана тергөө ишти сотко өткөрүүгө шашканын белгиледи.

Бирок мамлекеттик айыптоо иш сотко мыйзамда каралган мөөнөттө өткөрүлүп берилгенин, айыпталуучуларда материалдар менен таанышууга жетиштүү убакыт болгонун айтты.

Натыйжада сот дагы үч күн убакыт берүүнү чечти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: