Орусия президенти Владимир Путин анда АКШ президенти Дональд Трамптын беделин түшүрчү материалдардын болгондугу тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, Москва Кошмо Штаттардагы шайлоого кийлигишпегенин билдирди.
Путин NBC телеканалына берген 4-июндагы маегинде Трампка зыян келтирчү маалыматтарга ээ экендиги тууралуу билдирүүлөр «кезектеги сандырактардын бири» экенин айтып, Москва үчүн АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү зарыл эмес болгонун белгиледи.
«Биз үчүн андай кылуу керек да эмес болчу. Президенттер келишет, кетишет, ал эмес бийликтеги саясий партиялар да алмашат. Бирок негизги саясий багыт ошол бойдон калат», – деди Путин.
Ошол эле маалда Путин АКШны башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишүүгө айыптады. «Дүйнө картасындагы кайсыл гана өлкөнү албагыла, бардык жерде америкалык расмий адамдар ички шайлоо процесстерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу даттанууларды угасыңар», – деди Орусия лидери.
Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен өзгөчө мамилелерге ээ эмес экенин кошумчалады.
Учурда Трамптын администрациясына карата 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында жана андан кийинки убактарда орусиялык расмий адамдар менен ыктымал байланышта болгондугуна боюнча териштирүү иштери уланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ