Көптөн бери эле Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин дарегине Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулук тарабынан байма-бай сын-пикирлер үзбөй айтылып келет. Бирок министрдин мурдун балта кеспеген неме экен, бир кыңк этип койгон жок. Сыягы, териси калың окшобойбу. Жакында Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы боюнча кабар маалымат булактарында тарап, коомчулук ызы-чуу түшкөн. Батыралиев дагы эле реакция кылып, ак же көк деп койгон жок. Таза жоопкерчилик жок окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ