Ташкенттин тургундары интернетте #СправедливостьЖасуру хэштеги менен «Ибрагимов Жасурбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазалансын» деген петицияга кол топтоо боюнча массалык акция өткөрүштү.
Боровский атындагы Ташкент медициналык колледжинин 2-курсунун студенти ушул жылдын 3-майында катуу сабалып, беш жолу операция жасалгандан кийин бир айдан соң каза тапкан.
Социалдык түйүндөрдө Жасурбектин апасынын каты жарыяланып, анда ал уулун өлтүргөн деп болжолдонуп жаткандардын аты-жөнү баарына белгилүү экенин, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын жазган. Айтымында, Жасурбек билим алган медициналык колледждин жетекчилиги менен жумушчулары уулун сабаган балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп алып, алардын кылмышын жашырып жатышат.
Бул иш боюнча тергөө 31-майда, Жасурбектин каза болоруна бир күн калганда башталган. 4-июнда Ташкенттин жашоочулары бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен көчөгө чыгышкан. 5-июнда кылмышка шектелген окуу жайдын беш студенти суракка алынды. Алардын аты жөнү Жасурдун апасы жазган каттагы балдардын аты-жөнү менен туура келет.
Ташкент ШИИБсинин тергөө бөлүмү тарабынан медициналык колледждин студенти Исломбек Тулагановго каршы «адам денесине олуттуу зыян келтирип өлүмгө жетирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алында. Андан сырткары укук коргоо органдары петицияга кол койгон жарандар талап кылгандай, окуу жайдын мугалимдери жана медициналык кызматкерлеринин аракетине да укуктук баа бериле тургандыгын билдиришти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ