Menu

Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү жол-жоболоштурулууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынындаКыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары А.Кодуранова, А.Шадиев, Т.Тиллаев, М.Сабиров, К.Керезбеков, А.Жапаров, А.Токторов.

Демилгечи депутаттардын бири депутат Максат Сабировдун айтымында, мыйзам долбоору КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгүн жол-жоболоштурууга багытталган. Судьялар кеңешинин судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу функциясы алынып салынышы жана Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын жаңы орган катары киргизилишине байланыштуу мыйзам долбоору судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерине аныктама берүү сунушталууда. Маселен, тартип жосундарынын аныктамасы такталды, жасаган иштери үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн болгон конкреттүү тартип жосундарынын түрлөрү көрсөтүлдү, тартип жазаларынын түрлөрү кеңейтилип, аларга аныктамалар берилди жана алардын күчүнө кирүү мөөнөтү белгиленди. Ошону менен катар, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар беренелерди оптималдаштыруу каралууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алмамбет Шыкмаматов судьяларды ротациялоо жана Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиянын судьяга карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү чечим боюнча иши тууралуу маселе көтөрдү. Депутат Исхак Масалиев болсо “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон судьялардын караган баардык иштерин кайра карап чыгуу жөнүндө ченемди кароо зарылдыгын билдирди. Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев Тартип комиссиясынын чечимине даттануу бөлүгүндөгү ченемди өзгөртүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: