Menu

Өкмөттө коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууда Мамлекеттик каттоо кызматынын иши канаттандырарлык эмес деп табылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу боюнча деталдаштырылган Пландын ишке ашуусу тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Өкмөт башчы паракорчулук өлкөнүн олуттуу көйгөйү экенин, анын таасири мамлекеттик иштин дээрлик бардык чөйрөсүн алсыратып жатканын белгиледи.

«Мамлекеттик бийликке карата жарандардын ишеними, биринчи кезекте, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынан жана ачык-айкындуулугунан түзүлөт. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөгө тейлөө тармагын  көрсөткөн орган катары коррупциялык тобокелдиктери  максималдуу минималдашкан орган болушу керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы саясат секторунун башчысы Белек Ахметов маалымдагандай, Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык системаны жоюу оюнча иш чаралардын Планы 2015-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушу тобу тарабынан бекитилген.

Мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик каттоо кызматындагы бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча 2015-жылдын 30-августуна чейин 23 коррупцияга каршы иш чараларды иш жүзүнө ашырышы керек болчу.

Белек Ахметов билдиргендей, толук пландарын ишке ашыруу учурунда, эки коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу мониторинги жана мониторинг тобу жүргүзүлгөн.

«Биринчи мониторинг 2016-жылдын 30-сентябрында жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууда Мамлекеттик катоо кызматынын борбордук аппаратынын иши канаттандырарлык эмес деп табылган. 23 иш чаранын болгону 3 аткарылган. Экинчи мониторинг 2017-жылдын май айында жүргүзүлүп, анда да коррупцияга каршы иш чаралардын аткарылышы начар деңгээлде болгону аныкталды», – деди Белек Ахметов.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык системаларды жокко чыгаруу иштери эки жылдан бери жүргүзүлуп келе жатканы менен, Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция мурдагыдай эле жогору бойдон калгандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык системаны жоюу боюнча План бекитилгенден баштап, ведомствонун орун басарларынын ортосунда жогорудагы планды ишке ашыруу боюнча аймактарды бөлүштүрүп жоопкерчлик алуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Мындан улам ведомство астындагы түзүмдөрдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер уюштурулган эмес жана иштин абалы канааттандырарлык эмес экендиги байкалууда. Мекеменин жетекчисинин бекем эрки болбогон жерде коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын  коррупциялык системаны жоюу боюнча иши формалдуу, алсыз жана жыйынтыгы жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөн. Мунун себеби  Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси коррупцияга каршы күрөшүү тармагында өз милдеттерин жана тапшырмаларды бир жактуу жана  профессионалдык деңгээлде аткарбагандыгы болуп саналат.

Мамлекеттик катто кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу  Кумушбек Шамканов баса белгилегендей, мекемедеги коррупциялык системаны  жоюу  боюнча бардык кемчиликтер менен сунуштар эске алынат.

Кеңешменин соңунда Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине бир жума мөөнөт ичинде коррупциялык иш чаралар Планын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын, бөлүмдөрү менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата катуу  тартиптик чараларын кабыл алуу тапшырылды.

Ошондой эле бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коррупцияга каршы иш чаралар Планын ишке ашырууда аткарылбаган же жарым-жартылай аткарылган чараларды жоюу боюнча сунушту жана анын аткарылышы боюнча маалыматты киргизүү тапшырылды. Мындан тышкары деталдык Планды ишке ашыруу боюнча ишти  активдештирүү жана аткаруучулук тартиптин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: